Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаңы төрайым шайланды

2022-жылдын  23-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык профсоюз комитетинин кезексиз пленуму болуп өттү. Пленумда уюштуруу маселеси каралып төрайым Малике Айдаровнанын арызы каралып төрайымдык кызматтан өз каалоосу менен турмуш шартына байланыштуу бошотулуп, анын ордуна шаардагы номер 4 орто мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Абдиева Үмүтай Нуралиевна бир добуштан көпчүлүктүн колдоосу менен шайланды. Пленумга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков,  Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткылыков, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова, Кадамжай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошев жана бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери, профсоюз комитетинин төрагалары катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын төрагасы З.Бөтөков