Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаңы ачылган мектептер

«Жаңы мектеп-жаңы тилек, жан жыргаткан үмүт жүрѳт» демекчи  Кочкор районунун Арсы айылында  Арсы орто мектебинин 150 орундуу жаңы имараты жана Мантыш айылында 240 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул мектептер Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы “Ассанабил” кайрымдуулук фондусунун 1 динар программасы менен ишке  ашырылып, курулду.  Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Исаков, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов жана Кувейт мамлекетинен келген коноктор катышты.

Арсы орто мектеби 1960-жылы ашар жолу менен 4 класстык бөлмө болуп салынган. 2012-жылы негизги орто мектеп болуп, 2014-жылдан тартып орто мектеп болуп уюштурулган. 12 класс- комплект бар. Педагогикалык жамаатта 17 мугалим эмгектенет. Азыркы учурда окуучулар 2 сменада окушат. Мектептин ашканасы 2019-жылдын май айында Мерсико уюмуна кирип, жай айы менен ремонттон өттү, ремонтко 70 миң сом айыл өкмөтү жана Мерсико уюму тарабынан 200 миң сом каржыланып, заманбап ашкана эмеректери алынып, азыркы учурда окуучулар ысык тамак ичишүүдѳ.

Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 2016-жылдын 17- февралында Арсы орто мектебинин техникалык абалы жеринде аныкталып, “авариялык мектеп” деген корутунду чыккан. Сметалык баасы 120 миң долларды түзгөн. Кувейт мамлекетинен 100 миң доллар бөлүнүп, “КВРТО” курулуш компаниясы жаңы мектеп имаратындагы курулуш иштерин баштаган. Жүргүзүлүп жаткан курулушка 20 000 $ өздүк салымды, ишкер Дегенбаев Эркин Кеңешович каржылады. Мектеп имаратынын айланасын тосууга айыл өкмөтү тарабынан 250 миң сом бөлүнүп, сарпталды.

Мантыш айылында буга чейин мектеп жок болучу, Окуучулар үч  чакырым алыстыктагы Кызыл-Дѳбѳ орто мектебине жѳѳ барып-келип окушкан. Кара-Суу айыл ѳкмѳтү тарабынан 0,54 сотых жер бѳлүнүп, 2018-жылы мектептин пайдубалына капсула салынган.  «Ассанабил» кайрымдуулук фондунан 100 000 доллар акча каражаты берилсе, ѳздүк салым 26300 долларды Т.Курткаев атындагы  кайрымдуулук  фонд тарабынын каржыланды. Мындан тышкары  Т.Курткаев атындагы фонду мектептин сыртын жылуулап, гранит таш чаптоого 16000 доллар, мектептин айланысын тосууга 892 000 сом, мектептин айланысын жашылдандырууга 350 000 сом, парта, стол, стулдар үчүн 715 000 сом, спорт аянтчасын курууга 112 200 сом сарпталды. Кара-Суу айыл ѳкмѳтү тарабынан 450 000 сом  акча каражатына ашкана жана информатика кабинети курулду. Азыркы күндѳ 26 мугалим иштеп 265 окуучу билим, тарбия алышууда. Мектептин ичине таза суу киргизилип, башталгыч класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болууда.

 

 

А.Асаналиева

Кочкор оайондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы