Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаштар кеңеши аракетте!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профсоюз комитетинин “Жаштар кеңеши” профсоюздук ишмердүүлүктүн активдешүүсүнө салымын кошуп, профсоюз мүчөлөрүнүн ишенимлүү демилгечиси болуу аракети менен ишин жүргүзүп келе жатат. КРнын ББ жана И кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин  “Жаштар кеңеши”  тарабынан уюштурулган семинарларга активлүү катышуу менен , усулдук жарлам алып, тажрыйбасын арттырууда. 2021-жылдын 18-март күнү  Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы  №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектептин базасында “Мугалим коомдун дарыгери, улуттун келечеги” - деген темада өтөн семинарга да катышып, “Жаш адис – укугуңду биле жүр! маалыматтык интерактивдүү баарлашуудан сабак алып келди. Семинарга тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловдун  өзүнүн катышуусу, иш чаранын  маанилүүлүгүн белгилеп турат. Дасыккан тажрыйбалуу мугалимлер мастер класс көрсөтүшсө, жаш адистердин ант берүү аземи өтүп, эмгек келишими, эмгек китепчеси, эмгекке жарамыздык баракчасы, эмгек өргүүсү тууралуу  укуктук маанилүү маалыматтар берилип, иш чара аябай тасирлүү болгондугун агийнелейт. Эмгектин мыктылары сыйланып, катышуучулардын урматына кызыктуу программада концерт тартууланып, семинар натыйжалуу өткөндүгү бизди кубандырат. Жаштар кеңешинин иштерине ийгиликтерди каалайбыз!

 

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова