Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАКШЫ ИШТЕРДИ ЖАРАТКАНДАР

Аяктап бараткан жылдын акыркы айынын 5инде ордо калаадагы №2 орто мектептин жыйындар залында биздин тармактык коомдук уюмубуздун алдыңкы отряддарынан болуп саналган билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык уюмунун ХХХ отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Ага уюмга бириккен 202 баштапкы профсоюз уюмдарынан 93 делегат (ыйгарым укуктуу өкүл) шайланган болсо, иш чарага 87 ыйгарым укуктуу өкүлдөр катышышты.

Конференцияны билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Г.У.Султанбаева ачты. Делегаттар конференциянын жумушчу органдарын: президиумду, катчылыкты, мандат комиссиясын, кабыл алына турган иш кагаздарын макулдашуу комиссиясын шайлашты, иш чаранын күн тартибин жана регламентин бекитишти.

Конференцияда төмөнкү маселелер каралды:

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин 2014-2018-жылдар мезгилиндеги иштери жөнүндө отчету.
  2. Шаардык профсоюз уюмунун текшерүү комиссиясынын отчету.
  3. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин жана шаардык профсоюз уюмунун текшерүү комиссиясынын жаңы тутумдарын шайлоо.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин 2014-2018-жылдар мезгилиндеги иштери жөнүндө отчеттук доклад” менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Г.У.Султанбаева, күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Шаардык профсоюз уюмунун текшерүү комиссиясынын отчету” боюнча шаардык профсоюз уюмунун текшерүү комиссиясынын төрайымы Т.Е.Оморова чыгып сүйлөштү.

Отчеттук мезгилде шаардык комитет билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого башкы көңүлдү топтоштуруп, уюштуруучулук, аткаруучулук жана көзөмөлдүк багыттарда ырааттуу жана алгылыктуу аракеттерди көрүп келген. Шаардын мектептеринин, балдар бакчаларынын, мектептен тышкаркы уюмдарынын 202синде баштапкы профсоюз уюмдары коомдук иштерди алып барышууда, алардын 191инде жамааттык келишимдер жалпы чогулуштарда талкууланып, кабыл алынган. Булардын 83үндө эмгекти жакшыртуу жана эмгек акы төлөө боюнча жаңы шарттар киргизилген. Келишимдердин аткарылышы профсоюз уюмдарынын көзөмөлдүгүндө турат, билим берүү уюмдарынын администрациялары менен бирдикте жамааттык келишимдердин аткарылышы үчүн арбын аракеттерди көрүп келатышат.

Шаардык комитет мугалимдерге жана тарбыячыларга, билим берүү кызматкерлерине жана жумушчуларына  эмгек акы чектөө, төлөө жана таратуу, эмгекке кызыктыруу жана сыйлоо маселелерине ар дайым дыкат көзөмөл жүргүзүп келет. Шаарда окутууга жана тарбыялоого зор салым кошкон билим берүү кызматкерлерине жетишкен ийгиликтери үчүн кошумча акы төлөө киргизилген, окуучулары олимпиадаларда байгеге жетишкен мугалимдер олуттуу сыйлык алып турушат, ардагер мугалимдер да унутта калбай, иштебей калган кесиптештерине да акча каражаттарын берип турушат. Жаш мугалимдер да көңүл чордонунда, алар үчүн шаарда “Жаш мугалимдердин депозити” программасы иштеп келатат, быйыл ага 258 жаш адис катышууда.  

Шаардык комитеттин “Ден соолук “ программасы мактоого арзыйт. Ар бир баштапкы уюм профсоюздук бюджетке өздөрүнүн эрки менен 0,5 пайыз каражатты кошумча төлөп берүүнү чечет, ал каражаттар кайра эле өздөрүнүн жай мезгилинде Ысык-Көлдүн эс алуу жайларында ден соолуктарын чыңдоого жумшалып келатат. Отчеттук мезгилде профсоюздук жолдомолор боюнча шаардын 1710 билим берүү кызматкери курорттордо жана санаторияларда ден соолуктарын чыңдашкан  болсо, өздөрү чогулткан 0,5 кошумча каражат менен 8079 мугалим “Тамга” пансионатында, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында, “Ысык-Көл”, “Чайка” эс алуу үйлөрүндө эс алышкан. 5 жылда 1447 мугалимдердин балдары ден соолуктарын чыңдоо жайларына бара алышкан.

Шаардык комитетте борборлоштурулган ден соолукту чыңдоочу фонд уюштурулган, ага топтоштурулган каражаттар оор операция болгон билим берүү кызматкерлерине бекер берилет. Алсак, 2014-2018-ж.ж. хирургиялык, онкологиялык, жүрөк-кан тамыр операцияларына 319 мугалимге 1 млн. 585 миң сом жардам берилген. Шаардын мугалимдери республикалык онкологиялык илим изилдөө институтунан мамологиялык изилдөөдөн өткөрүлүп турат, ал эми Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз ден соолукту чыңдоо илимий-изилдөө институтунда 50 мугалим 370 миң сомдук акыга бекер дарыланып  келишкен.

Шаардык комитет билим берүү кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылууга да активдүү кийлигишип келатат. Комитет социалдык ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна демилгечи болуп, азыр 82 батирлүү үй курулуп жатат жана ал 2019-жылдын 2-токсондугунда пайдаланууга берилмекчи. Мындагы 64 батир түздөн-түз мугалимдерге тиери каралууда. Бул турак жайдын артыкчылыгы-мугалимдер үчүн ипотекалык төгүм жана ай сайын төгүм ийкем график менен аныкталган, пайызы жок.

Шаардык комитет отчеттук мезгилде 5 пленум, 23 президиумдун жыйындарын, 3 профактивди планга ылайык өткөрүп турган, ошондой эле профсоюздук ишмердик боюнча ар кыл 15 семинарлар жана тренингдер уюштурулган. Уюмдун сандык жана сапаттык тутуму жакшырган, 2014-жылга караганда профсоюз мүчөлөрүүн саны 508 адамга көбөйгөн. Отчеттук мезгилде шааркомго 1227 кат, 3177 оозеки түрүндө кайрылуулар болуп, алардын ар бирине жеткиликтүү жооптор берилген.  Эмгекти коргоо боюнча 130 билим берүү уюмуна текшерүү жүргүзүлгөн жана бардык билим берүү уюмдарына жеринде көмөктөр көрсөтүлгөн. Шааркомдогу дагы бир колго алаарлык демилгелүү иш профсоюз мүчөлөрүнүн профсоюздук стажысы, билеттери жана эсеп-кысап карточкалары менен байланышкан. Шаарком өз карамагындагы ар бир мүчөсүнүн профсоюздук стажысын тактап келе жатат, ал аркылуу профсоюз мүчөсүнүн толук маалыматтары аныкталууда, ишке орношууда жана бошотууда профсоюздун эсебинен чыгуу же кирүү маселелери колго алынууда. 

Конференцияда профсоюздук уюштуруу иштерин жакшыртуу, социалдык өнөктөштүктү алга жылдыруу, эмгек орундарын талапка ылайык даярдоо, эмгек коопсуздугун сактоо боюнча алдыда турган милдеттер белгиленди. Колдо бар резервдерди толук пайдалануу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу шааркомдун жаңы тутумуна тапшырылды.

Отчеттук докладды талкуулоого № 48 орто мектептин директору Т.Роткина, № 70 мектеп гимназия комплексинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Т.Арзыгулова, №13 мектеп гимназиянын баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Л.Абдужалиева, № 90 орто мектептин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Т.Оморова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын начальниги С.Мейрманова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты В.Лисниченко катышышты.

Конференция билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык уюмунун 2014-2018-отчеттук жылдарда жүргүзгөн иштерине канааттандырарлык деген баа берди жана шаардык комитеттин 48 адамдан турган жаңы тутумун жана 3 адамдан турган текшерүү комиссиясын шайлады.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы болуп Гүльша Улукмановна Султанбаева кайрадан шайланды.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов катышты жана сөз сүйлөдү.