Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ыраазычылык билдиребиз!

Урматтуу мекендештер, дүйнө эли! Өзүңүздөр  билгендей Баткен жергесинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жанжалдан көптөгөн бей күнөө адамдар жабыр тартышты. Бейпил турмушубуз бузулуп,  өмүрлөр кыйылды, үй-жай,  билим берүү мекемелери ж.б имараттар өрттөлүп жараксыз абалга келди.

Бирок ушундай оор кырдаалда  бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп жаткан мекендештерибизге, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине терең ыраазычык билдиребиз. Жакшылык иште жарышкан, кайрымдуу кыргыз эли жана башка өлкөлөрдүн колдоосу менен жабыр тарткандарга жардамдар топтолуп, тынбай жиберилип жатат.  Сиздердин берген аманаттарды өз даректерине жеткирүүнүн аракетиндебиз. 

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Баткен жергесине, Лейлек элине жардам колун сунган ар бириңиздерге КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети терең ыраазычык билдирет. Мындан ары жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, өлкөбүз өнүгүүнүн жолунда болсун!

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев