Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Урматтуу Акунжан Баказович!

Республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналы салтка айланган жыл мыктыларын  аныктап, “2013 -  ЖЫЛДЫН МЫКТЫ РЕКТОРУ” наамын Сизге ыйгарган жаңылыкты зор кубануу менен кабыл алдык.     Мындай сыймыкка  Сиз жетектеген университеттин жамаатынын бекем ынтымагы, окутуучулук - профессордук курамынын илимий бийик потенциалы жеткирип олтурат.

Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана     Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму,   аппараты, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы, областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ, АООЖ комитеттери Сизди республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналы ыйгарган “2013-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ РЕКТОРУ”   наамына ээ болушуңуз менен    чын дилибизден куттуктайбыз. Сизге бекем  ден  соолук, узун өмүр, ишиңизге албан ийгиликтерди каалайбыз .

 

Сизди урматтоо менен,

  Кыргыз Республикасынын  билим жана илим

 кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин

президиуму,   аппараты,

 “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы,

 областтык, райондук, шаардык,

 ЖОЖ, АООЖ комитеттери