Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери

Мырзалиев Ахун

(1910-1993)

 

    Мырзалиев Ахун 1910-жылы туулган. Атасы Мырзалы, ал жаш кезинде дүйнөдөн кайткан. Энеси Сайра төрт уулду өзү тарбиялап чоңойтот. Ахундун эң улуу агасы Шералы, Эшалы, Шарип болуп бир үйдө чоңоюшат. Ахун кичине кезинен эле шайыр, сөзгө чебер болгон. Ал мектепти бүтүргөндөн кийин Жалал-Абад шаарындагы педтехникумга тапшырат. Ал жерди 1938-жылы аяктап, өз туулуп өскөн жеринде биринчи мугалим болуп иштейт. Кийинчерээк Ачы, Жай-Терекке барып биринчи жолу сабатсыз элге билим берүү үчүн мектеп курган. Эл да аны колдоп мектеп курууга жардам беришкен.

    Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин 1941-жылы эли жерин коргоо үчүн майданга кеткен. Фашисттер менен болгон салгылашууда Румыния, Чехословакия, Польша шаарларын бошотууга активдүү катышкан. Согушта оң колуна ок тийип жарадар болгон. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн “За отвагу”, “Ардак белгиси” ордендери менен сыйланган. Агартуу системасында 15 жыл үзүрлүү иштеген. Жаш муундарды тарбиялоодо көп эмгек сиңирген. Ахун 2 уул, 4 кыздын атасы болгон. Ошол балдарынын курчоосунда бактылуу бир күндөрүндө 1993-жылы август айында 83 жашында бул жарык дүйнөдөн кайтат.

  

Уметалиев Кимсан

(1926-2002 )

 

    Уметалиев Кимсан 1926-жылы 19-майда Кызыл-Аскер айылында туулган. Туугандарынын колунда чоңойгон. “Кызыл-Жылдыз” мектебинде мугалим болуп иштеген.

    1945-жылы согушка чакырылат, 1947-жылы Сахалинде да согушат. 1947- жылы мекенине кайтат. Кызыл-Жар мектебинде директор болот. Ноокен районундагы №9 Паяз атындагы орто мектебинде географ болуп эмгектенген. 5 уул 3 кыздын атасы. 2002-жылы 76 жашында жарык дүйнөдөн кайтат.

Уметалиев Кимсан Ата Мекендик согушка катышкан жолдоштору менен жолугушуу мезгилинде.

 

Смадиаров Алимжан

(1923-2003)

 

    Смадиаров Алимжан 1923-жылы 10-майда Жалал Абад областынын Майлуу Суу шаарында туулган. 1941-1942- жылдары Жалал Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында билим алган. 1942-жылы Мээнеткеч башталгыч мектебинде иштеген. Ушул эле жылы март айында башкалар сыяктуу Улуу Ата мекендик согушка аттанып, 1946-жылы кайтып келген. Жоокердик милдетин татыктуу өтөп, кандуу жылдарда согуш талаасында атуучу полкто станоктук пулеметчик болуп кызмат өтөгөн. Улуу Ата мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Жеңиш ордени жана бир нече ардак медалдар менен сыйланган. Аскерден кайтып келгенден кийин Жалал Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайынан окуусун сырттан улантып, педагогикалык ишине кайрадан кайтып Ноокен районунун Калинин, Мээнеткеч, Кара булак, Кызыл туу, Ноокен орто мектептеринде мугалим болуп 1989-жылдарга чейин иштеген. “Эл агартуунун отличниги”, “Согуштун жана эмгектин ардагери”. 1988-1989- жылдары Ноокен аймактык кеңешинин депутаты, Эл агартуу жана жаштарды тарбиялоо боюнча комиссиянын төрагасы, ардактуу эс алууга чыккандан кийинки жылдары айылдык аксакалдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенген. 2003-жылы 5-июлда дүйнөдөн кайтыш болгон.

 

 

Смадияров Алимжан куралдаш жолдоштору менен