Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Профсоюз лидери Согуштун ардагеринин кызы кесиптештибизди Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекетибизде сыноолуу күндөр болуп, бардык массалык иш-чараларга чектөөлөр киргизилгенине карабай профсоюздук лидерлер Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамын стандарттык эмес формалары менен белгилоону уюштурушту.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райкомунун төрагасы Жаркымбаев Сүйүнбек Сарыевич аталары согуштун ардагерлери болгон кесиптештерди үйлөрүнө барып Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы менен куттуктоолорду уюштурду.

Улуу Ата Мекендик Согуштун Ардагери Орозов Исак аксакалдын кызы Бешик Жон айыл аймагындагы №42 К. Сооронбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдуллаева Орозгул эжекенин үй бүлөсүн майрам менен куттуктап, белектерин тапшырды. Ардагердин неберелери чоң атасына арналган ырларын, каалоо, тилектерин айтышып, профсоюз лидерлерин да куттукташты.

Мугалимдин үй- бүлөсү профсоюздук жетекчилерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспктору-А.Айдаров.