Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Туулган күн менен куттуктоо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы Сулайманов Замирбек Байышбековичти  туулган күнү менен куттуктайбыз!

Замирбек Байышбекович эмгек  жолун 2008-жыл социалдык коргоо бөлүмүндө баштап, 2011-жылдан профсоюздук  тармакта үзүрлүү эмгектенип   келүүдө.

Облустук профсоюздук актив 2018-жылы март айында обкомдун  алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагалыгына шайлашты. Облуста  жаштар кымылын өркүндөтүүгө, жаштардын профсоюз ишмердүүлүндө активдүүлгүн ашырууга жетише алды.

Финансист адис катарында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун 6-съездинде Текшерүү Комиссиясынын  мүчөсү болуп шайланып, коомдук ишин жоокерчилик менен аткарып  келүүдө.

ЖАМУнун Көзөмөлчүлүк Кеңешинин мүчөсү катарында бюджеттик  эмес каражаттарды максаттуу пайдаланууга өз салымын кошууда.

Сулайманов З.Б. үй-бүлөлү, өмүрлүк жолдошу Гулзада менен үч уулду  тарбиялап өстүүрүдө.

Жалал-Абад обкомунун жамааты, райшаарком төрагалары Сулайманов  Замирбек Байышбековичке бекем ден-соолук, узак өмүр, иштеринде  ийгиликтер, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз!

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун  пресс-катчысы-Абдыкадырова Махабат