Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Төраганын кол сааты менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы профсоюз кызматкерлеринин жана профсоюздук активдин тармактык профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердиктерин баалоо жана кызыктыруу , социалдык өнөктөштөрдү өз-ара пайдалуу кызматташтыкка тартуу, чет өлкөлүк профсоюз лидерлерине эл аралык профсоюздук тилектештик көрсөтүү максатында өзүнүн эстелик кол саат сыйлыгын белгилеген.

Профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата профсоюз кыймылына кошкон олуттуу эмгектери үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ардагерлер кеңешинин төрайымы Исхакова Зулайха Токтолиевна жана ардагер Мусабекова Асылгүл Мусабековна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин 02.10.2019-жыл, №108 буйругу менен төраганын эстелик кол сааты менен сыйланышты.

Профсоюздун ардегерлери катары өлкөбүздүн жалпы эмгекчилеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын мындан ары да коргоого салымыңыздарды кошо берет деп ишенүү менен Сиздерге ден соолук жана үй бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайбыз.

 

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

Кулназарова Э.Д.