Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Түп районунун Курменты айлындагы Ж.Муканбаев атындагы орто мектебинин педагогикалык жамааты директорлукка О.Б.Тониевди кабыл албай жатат

 

Ж.Муканбаев атындагы орто мектебинин мурдакы директору О.Тониев Түп райондук билим берүү бөлүмү менен акыркы сегиз айдан бери соттошуп келе жатат. 27-февраль 2014-жылда О.Тониев райондук соттон, 27-июнь 2014-жылдан областтык соттун чечими менен Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн №122 9.01.14-жылдагы буйругу жокко чыгарылып, директорлук кызматы калыбына келтирилген, бирок педагогикалык жамаат иштөөгө каршы болуп, мектепкке киргизбей жогорку органдарга кайрылышууда. Мугалимдердин каршылык көрсөтүүсүнүн себеби, О.Тониевдин жетекчи катары жүрүш-турушун узун сабак кылып айтышууда. Чын эле ушундайбы? аны Билим берүү жана илим министрлиги жана жергиликтүү бийлик өз баасын берет болуш керек.

 

                                     Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун

                                     Борбордук комитети