Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ТЕРЕҢ КАЙГЫРУУ МЕНЕН КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ!

ТЕРЕҢ КАЙГЫРУУ МЕНЕН

КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ!

 

Республикада жайылып бараткан коронавирус илдетинен жана пневмониядан улам акыркы күндөрдө билим берүү тармагынын бир катар мыкты уюштуруучулары жана алдыңкы мугалимдери жарык дүйнө менен кош айтышты.

Алардын тизмесин өтө өкүнүү менен жарыялоого мажбур болуп олтурабыз.

Айнура Жаныбекова-Бишкек шаарындагы № 69 комплекс гимназия мектебинин мугалими.

Жамила Токтосунова- Бишкек шаарындагы № 148 балдар бакчасынын директору.

Жоомарт Байсалов- И.Арабаев атындагы КМУ педагогика факультетинин деканы, профессор.

Адылбек Султанбаев-И.Раззаков атындагы КМТУнун профкомунун мурдагы төрагасы, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын экс-ректору.

Бейшенбек Үкүев-Н.Исанов атындагы КМКТАУнун алдындагы институттун директору.

Гайша Ибрагимова-Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси, билим берүү жана илим министринин экс-орун басары.

Төлбашы Алымкулов- Талас облусунан ардагер мугалим, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Алиязбек Алымкуловдун атасы.

Маруфат Насыранбекова-Жайыл районундагы Кара-Суу орто мектебинин директору.

Айчүрөк Самакова-Нарын шаарындагы Чкалов атындагы № 2 орто мектептин директору.

Гүлнара Туташева- Ош шаарындагы Киров атындагы № 4 орто мектептин директору.

Элнура Музаева- Бишкек шаарынын Көлмө конушундагы № 78 гимназия мектебинин директору.

Трукмен уулу Тилек-Кара-Балта шаарындагы техникалык-экономикалык колледждин директору.

Асымбүбү Ташибаева-Чүй районунун Кошой айылынын ардагер мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.

Абдиманнап Муратов-профессор, билим берүү жана илим министринин экс-орун басары.

Жангороз Каниметов-“Ала-Тоо” эл аралык университетинин проректору, Жогорку Кеңештин 3 чакырылышынын депутаты, профессор, билим берүү жана илим министринин экс-орун басары.

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жетекчилиги, президиуму жана аппараты, ага баш ийишкен облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери, жалпы тармактык профсоюздук актив айттырбай келген илдеттерден кайтыш болушкан кесиптештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат жана аза кайгыларын тең бөлүшөт. Кайрат кылыңыздар! Маркум кесиптештерибиздин жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун!