Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди чын жүрөгүмөн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” менен куттуктаймын!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыгына ылайык  быйылкы жылы бешинчи жылы расмий белгиленүүдө. Айтылышы бир сөз, бирок мааниси миң жылдарга татыган бул расмий эскерүү күндөрү-кыргыз элинин таш карыткан тарыхындагы өтө орчундуу учурларды, дал кыл чайнашкан кыйын-кезеңдерден өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча түндүк көтөрүп турган мезгилине чейинки окуяларды камтыйт.

Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болушу-доорлордун кезеңинен, кылымдарды түпкүрүнөн Манас баштаган ата-бабаларыбыздын тилеги, эңсөөсү болчу. Кыргыз эли  ушундай күндөрдө жашап жатканыбыз үчүн бактылуубуз. Муну тарых тандырбайт. Ал эми ушул күндү бизге мурастаган, ал үчүн кан-жанын аябаган ата-бабаларыбыздын аракети дайыма эсибизде!

 Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып, келечекке бийик максаттарды коюушубуз абзел".

Мына ушул эгемендик берген улуу эркиндикти билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлери туу катары бийик көтөрөбүз. Биз, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, эгемендик берген жылдарда бардык кесиптештерибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча дайыма ырааттуу жана алгылыктуу аракеттер менен иш алып барууну колго алып келатабыз. Өлкөнүн өз алдынча өнүгүү жылдарында биздин Борбордук комитет жана анын жер-жерлердеги органдары  алдыбызга койгон милдеттерди жана негизги багыттарды: кесиптик бирлик мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болууларына, кылган кызматтарына жараша мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алууларына жетишүү үчүн күрөшүүнү, кызматкерлерибиздин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, тармактык кесиптик бирликтин маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүүгө, жаштар саясатын кеңири жайылтууга, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөөгө, эл аралык кесиптик бирликтер менен иштерди тереңдетүүгө  багыттап келүүдөбүз жана аларды мындан ары да уланта бермекчибиз.

Урматтуу кесиптештер!

Дагы бир жолу Сиздерди “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” менен чын дилимден куттуктоо менен сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалаймын!

Сиздерди терең урматтап,

 

Асылбек ТОКТОГУЛОВ,

Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы