Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү»

    «Тарых – бул учурду түшүнүү жана келечекти калыптандыруу үчүн адамдардын өткөн муундарынын тажрыйбасын колдонуу максатында өткөндү изилдөө».

     «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күндөрүнө карата  2020-ж. 5-6-ноябрда Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын окутуучулары студенттик окуу топторунда тематикалык ачык сабактарды өткөрүштү. Алар: ф.и.к. доц.Жумакадырова К.М.  ПИН-1-2-4-20 окуу топторунун студенттери менен «Мамлекеттүүлүктүн башатында турган инсандар:Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, А,Сыдыков, И.Раззаков, К.Карасаев, К.Тыныстанов» темалары боюнча сабак өттү.

Доц.милд.аткр.Абдыраева Н.С  ЗЧС-1-20 т. студенттери менен  «Коомдук жана саясий ишмер – Насирдин Исанов»;

Улук окутуучу Борсунбаева З.Э. ПГС-1-20 т. студенттери менен «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатындагы инсандар»;

Улук окутуучу Бариева А.Ж. БУА,ФК-1-20т. студенттери менен «Т.Усубалиев – мамлекеттик жана саясий ишмер»;

Улук окутуучу Модалиева Н.А. ЛС-1-20 т. студенттери менен «Ак  иштеген адам акыры жамандык көрбөйт» (И.Раззаков, К.Тыныстанов тууралуу);

Ал эми «Философия жана социалдык гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доц. Абылкасымова Г.А., улук окутуучулар: Сапалова А.У. жана Исмаилова А.Б. биргелешип Улуттук тарыхый мемориалдык «Ата-Бейит» комплексине виртуалдуу экскурсия сабагын өтүштү.

Улуттук тарыхый мемориалдык «Ата-Бейит» комплексинин директору Турсунбекова Гүлнара Шаабековнага жана башкы сактоочу Каримов Нуркамилге түзүлгөн жагдайга карабастан студенттерибизге виртуалдуу экскурсия өткөрүп, толук кандуу маалымат  берип, кызматташкандыгы үчүн университеттин атынан ыраазычылык билдиришти.

 Мындайча сабак  өтүү студенттерди адилеттүүлүккө, мекенчилдикке тарбиялоо менен  ата-бабабыздын басып өткөн жолун туура түшүнүү менен тарых барыктарын терең өздөштүрүүгө өбөлгө болмокчу демекчибиз.