Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ТАРМАКТЫК ПРОФСОЮЗДУН РАЙОНДУК, ШААРДЫК ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТТЕРИНИН КАЙРА-ШАЙЛОО КОНФЕРЕНЦИЯЛАРЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ.

 

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын-алуу жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимине байланыштуу мектеп окуучулары IV-чейректи аралыктан окуп билим алып жаткандыктарына жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставынын 59,67, 69 пунктарына ылайык Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин президиумунун 4-июнь 2020-жыл, № 3/7-1, №3/7-2 жана № 3/7-3 токтомдорунун негизинде Ысык-Көл облусундагы райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин, Жалал-Абад облусунун ЖАМУ, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаардык профсоюз комитеттеринин жана Баткен облусунун Кадамжай райондук профсоюз комитетинин отчеттук-кайра шайлоо конференциялары жаны окуу жылынын башталышына сентябрь, октябрь айларына жылдырылып, профсоюз комитеттеринин төрагаларынын укуктары узартылды.