Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!

Профсоюздун Борбордук Комитети жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жаңы 2019-финансы жылына карата жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча иштерди баштап жаткандыктары жөнүндө Сиздердин назарыңыздарды буруп коюуну туура таап олтурат. Бул мезгилде жергиликтүү кеңештер өздөрүнүн бюджеттерине жер-жерлерде КР “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарында жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине каралган социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү боюнча каражаттарды караштырышат.

КР Эмгек кодексинин жана КР “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамынын чектеринде социалдык өнөктөштөргө жергиликтүү бюджеттерди түзүү учурунда социалдык диалог аркылуу жер-жерлердеги педагогикалык кызматкерлерди социалдык коргоонун көйгөйлөрүн чечүүгө уруксат берилген.

Мына ушуга байланыштуу профсоюздун Борбордук Комитети азыркы учурда алдыга коюлган милдеттерди жана максаттарды аткаруу үчүн жер-жерлерде социалдык өнөктөштөр менен төмөндөгүдөй иштерди алып барууну сунуштайт:

  • райондун (шаардын) жалпы билим берүүчү мектептеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери менен алардын алдында турган 2019-жылдын бюджетине социалдык коргоо боюнча каражаттарды киргизүү жаатындагы иштердин маанилүүлүгү жөнүндө семинарларды өтүү;
  • милдеттүү түрдө ар бир мектепте комиссияларды түзүү, алардын тутумунда айылдык кеңештер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен социалдык диалог жүргүзүү максатында социалдык өнөктөш тараптардын ар биринен өкүлдөр (профком-мектеп жетекчилиги-айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери) болушу кажет, комиссиялардын ар бир мүчөлөрүнө айылдык кеңештерди жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын бекитип берүү зарыл. Айрыкча көңүлдү КР “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарын аткарууга кызыкдар болбой келе жатышкан айылдык кеңештерге буруу менен аларды өз аймактарындагы мектептердин мугалимдерин социалдык колдоо боюнча милдеттендирүү керек;
  • алдын-ала айылдык кеңештердин төрагаларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын даректерине КР “Билим берүү жөнүндө” (32-берене), “Мугалимдин статусу жөнүндө” (7-берене) жана “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарын, КРӨ 2013-жылдын 25-июлундагы № 154 токтомун жиберүү керек;
  • комиссиялардын мүчөлөрү жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн бардык мезгилинин ичинде (бюджетти бекиткенге чейин) өздөрүнө бекитилген айылдык кеңештердин төрагалары жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жергиликтүү бюджеттер аркылуу мугалимдердин социалдык жеңилдиктерин жана кепилдиктерин жүзөгө ашыруу тууралуу максаттуу иштерин ырааттуу уланта берүүлөрү зарыл, бул Региондорду өнүктүрүү жылында мугалимдердин үй-бүлөлөрүнүн жашоо деңгээлдерин жогорулатууга көмөк болмокчу;
  • жер-жерлерде мугалимдерди социалдык жактан коргоо максатында социалдык диалогдорду жеринде жүргүзүү иш чаралары ар бир райондо (шаарда) башталганда социалдык өнөктөштүккө райондук акимдерди, шаар мэрлерин, ошол райшаарлардан, айылдардан шайланышкан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын,  айылдык кеңештерге шайланышкан директор жана мугалим депутаттарды сөзсүз тартуу зарыл;
  • тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагалары социалдык өнөктөштөр менен бюджеттерди түзүү мезгилинде жогорудагы комиссиялардын ишмердүүлүктөрүн координациялап, аларга практикалык жардамдарды көрсөтүп, алардын иштерине аралашып, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша райондогу (шаардагы) социалдык диалог боюнча иштердин абалы тууралуу бул комиссиялардын билдирүүлөрүн угуп, зарыл болгон учурларда бул иштерге профсоюздун Борбордук Комитетинин адистерин тартып туруулары зарыл.

 

                   Төрага                                                                                 А. Токтогулов

 

Жооптуу аткаруучу:

Олимпиева Л.П.,

телефон: 62-57-37

 

 

 

Председателям обкомов, горкомов и райкомов профсоюза отрасли

ЦК профсоюза напоминает Вам о начале работы органов местного самоуправления по формированию местных бюджетов на новый 2019 финансовый год. Период, когда местные кенеши должны предусмотреть в своих бюджетах средства на выполнение в регионах Законов КР «Об образовании» и «О статусе учителя», закрепивших за учителями общеобразовательных школ социальные льготы и гарантии.

Рамки Трудового кодекса КР и Закон КР «О социальном партнёрстве» предоставляют право социальным партнёрам в период формирования местных бюджетов через социальный диалог решать проблемы социальной защиты работников образования в регионе.

В связи с чем ЦК профсоюза предлагает в данный период организовать на местах пошаговую работу с социальными партнёрами для достижения поставленных целей и задач:

  • провести с профкомами общеобразовательных школ района (города) семинар по актуальности предстоящей их работы;
  • сформировать в обязательном порядке комиссию, в состав которой должны войти представители от каждой стороны социального партнёрства (профком – администрация школы-соцработник айыльного аймака) с целью ведения социального диалога с айыльными кенешами и главами айыльных аймаков, закрепить за каждым членом комиссии местный кенеш и главу сельской управы. Обратив особое внимание на айыльные кенеши, которые в течение ряда лет не заинтересованы в реализации Законов КР, обязывающих социально поддерживать учителей школ на их территории;
  • в адрес торога местных кенешей и глав айыльных ай маков направить Законы КР «Об образовании» (статью 32), «О статусе учителя» (статью 7), ППКР от 25.07.03 г. № 154 «О социальном партнёрстве»;
  • на протяжении всего периода формирования местных бюджетов (до их утверждения) членам комиссии необходимо вести целенаправленную работу с закрепившими за ними председателей и депутатов местных кенешей о реализации социальных льгот и гарантий учителей через местные бюджеты, что будет способствовать повышению качества жизни семей учителей в Год развития регионов;
  • к работе социальных партнёров, начавшейся в районе (городе) по ведению на местах социального диалога с целью социальной защиты учителей на местах, необходимо привлечь акимов, депутатов Жогорку Кенеша КР, избранных от города, района, директоров и учителей, выдвинутых в местные кенеши;
  • председателям обкомов, райкомов и горкомов профсоюза в указанный период координировать работу данных комиссий, оказывать им практическую помощь, подключаться к их работе, по возможности заслушивать информацию этих комиссий о положении дел в районе (городе) по социальному диалогу, при необходимости привлекать работников ЦК профсоюза отрасли.

 

 

               Председатель                                                                                         А. Токтогулов.

 

Исполнитель:

Олимпиева Л.П.

Контактный телефон:

62-57-37