Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди мыкты уюштургандык” республикалык тармактык кароо-сынагына арналган көргөзмө

    КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети  тарабынан жарыяланган 2017-жыл – тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылынын алкагында “Тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди мыкты уюштургандык” республикалык тармактык кароо-сынагына арналган көргөзмө И, Арабаев ат. КМУнун Көркөм  маданият жана билим берүү факультетинин деканаты жана профбюросу тарабынан уюштурулган. Көргөзмөдө жалаң студенттер тарабынан окуу процессинде даярдалган буюм тайымдар коюлган. Айрыкча аталган факультеттин 1-курсунун студенттери жана КМУнун колледжинин дизайн адистигиндеги студенттери үчүн окууга дем берүүчү иш чара болду. Кылымдарды карытып келген уникалдуу кыргыз элинин кол чеберчилигинин жаңы доорго ылайташтырылган саркеч буюмдары жөнөкөй эле студенттердин колунан жаралып жатканы, аларды окутуп жаткан устат мугалимдеринин талыкпаган эмгеги дейт кафедра башчысы Жылдыз Сулайманова.