Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Талыкпаган көп жылдык үзүрлүү эмгек – мактоого татыктуу

Бишкек гуманитардык университетинде 26-апрель күнү белгилүү окумуштуу, профессор Шаймергенова Тамара Айдаркуловнанын илимий педагогдук ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Т.А.Шаймергенова  80 жашка чыкты. Кыргызстандын бардык аймактарында эмгектенип жаткан китепкана жана архив кызматкерлерин даярдоодо, тарбиялап чыгууда эженин орду толгус салымы бар. Себеби , китепкана жана архив кызматкерлерин даярдай турган Кыргызстанда жалгыз окуу жай Бишкек гуманитардык университети болуп эсептелет. Конференциянын пленардык жыйынында  БГУнун ректору, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин стат катчысы, А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору жана башка белгилүү китепкананын, архивдин жетекчилери сөз сүйлөштү.  Жыйынтыгында КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан “Датка айым” төш белгиси менен сыйланды.