Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

СЫЙМЫК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК

УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ,

П.И.Д., ПРОФЕССОР

ЗУЛУЕВ БЕКМУРЗА

БЕКБОЛОТОВИЧ

 

Урматтуу мекендештер, кадыр кымбаттуу замандаштар баарыңыздарды өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилден куттуктаймын!

Бул күн биз үчүн эң баалуу жана унутулгус учурларды өз ичине камтыган, кылымдардын кыйырында, сыноосу көп мезгилдин агымында, эркиндик жана эгемендик үчүн башын сайып, жанын арнаган аталардын суудай аккан канында, Ата журттун алакандай жерине доо кетирбеген улуу элдин ынтымагынын артында бизге жеткен эң чоң майрамыбыз жана жоопкерчилигибиз болуп саналат. Албетте, биз  байыркы жана улуу эл катары, анын ичинде өз аймагында, ээн- эркин жашаган улут экенибизге дайыма сыймыктанабыз, бирок бул эркиндиктин баасын мерчемдеп, бир нерсеге баалап, ага тең келген, тараза ташы менен өлчөй турган эч нерсе жок, анткени улуттун жана мамлекеттин алмашкыс байлыгы да, анда жашаган адамзаттын тендешсиз кубанычы да, жүзүбүздү нурданткан жүрөктүн тынчтыгы да эң биринчи- эркиндик. Эчендеген элдер, сан жагынан эсеп жеткис улуттар эгемендүү мамлекет болууга канчалык жан үрөштү, бирок эң өкүнүчтүүсү алар бир түндүк астына биригип, өз киндигин өзү кесип, көз карандысыз өлкө болуу бактысына жетпеди жана күн сайын ошол бакыттын даамын эңсеп жашап келишүүдө. А биз, эгемендүү өлкөнүн бактылуу жараны катары эркин жана дүйнөдөн өз ордун тапкан өлкөбүздүн бар экендигине бир тарабы сыймыктанып, бир тарабы дайыма ал эркиндиктин кымбат экенин сезип жашоого милдеттүүбүз, анткени ата-бабалардын кан-жаны аркылуу келген жерибизди сактоо - аманат, аны келечектеги жаш муундарга өткөрүп берүү- ыйык парзыбыз, бул үчүн “мунун” же “тигинин” атын атоо шарт эмес, ар бирибиздин колубуздагы милдет жана жоопкерчилик.

***

Биздин улуу элибиз эркиндик үчүн эмнелерди гана жасабады, кимдер гана башын сайбады. Баа жеткис байлыгыбыз болгон “Манас” эпосунан тарта, бүгүнкү күнгө чейинки тарыхыбызды изилдеп көрөлү, ар бир урунттуу учурда эркиндик үчүн тирешип жана күрөшүп жашаган эл экенибиз даана байкалат. Алакандай жери үчүн атка минип аттанган баатырлар, келээрки урпагы үчүн канын берип кам көргөн эр-азаматтар, элдин тынчтыгы, улуттун эркиндигин сактоо үчүн өз уулдарынын өмүрүн садага чапкан энелер,  уюткулуу улуттун уңгусу улансын деген аруу максатына жетээрде “улутчул” аталган интеллигенттер, ак жеринен атылган агартуучулар, окко төшүн тоскон тоо жүрөк жигиттер, кылычтын мизинде, найзанын учунда ажал менен арбашкан Ата Журттун атуулдары канчалык чоң бакыттын даамын бизге тартуулашты. Бул айтканга оңой, аткарганга опол тоодой оор эмгек. Жада калса бардык эле элден мындай бычакка сап болгон улан-кыздар чыга бербейт. Демек, аталардын каны менен түспөлдөш түстөгү кызыл желегибиздин желбиреп, күн сайын гимнибиздин ырдалып тургандыгынын өзү эле өзгөчө кубаныч.

***

“Кыргызстан”- деген жаркын келечектүү өлкөнүн жараны катары бардык мекендештерди, кубанычты тең бөлүшкөн улутубуздун жалпы жарандарын эгемендүүлүк күнү менен чын ыкластан куттуктайм, келечегибиз кең, баскан жолубуз ала тоого тең болсун.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалымат кызматы