Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сыйлыкка татыктуу кызматкерлер

                5-октябрь “Мугалимдер күнү” майрамын утурлай Бишкек гуманитардык университетинин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин “Отличниги” төш белгиси жана “Ардак грамотасы” жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Отличниги” төш белгиси жана “Ардак грамотасы” менен сыйлоо иш чарасы уюштурулду. Сыйлыктар окуу жайдын Окумушттулар кеңешинде тапшырылды. Ошону менен бирге айрым кызматкерлерге окуу жайдын “Ардак грамотасы” тапшырылса, айрымдардын өздүк эмгек китепчелерине жетекчилик тарабынан алкыш жарыяланды.