Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Информационный бюллетень

Сулуу деген сөздү сулуу кылган сулуу кыздар

8-март аял затынын Эл аралык майрамын утурлай  Бишкек гуманитардык университетинин профсоюздук комитетинин колдоосунун астында окуу жайда  “БГУ  СУЛУУСУ-2019” -  аттуу студенттер ортосунда кароо сынак уюштурулду. Сынакка жалпысынан  9 студент катышып, коюлган талаптарга ылайык ар бири өздөрүн таланттарын көрсөтүштү. Бул сынактын негизги максаты болуп, кыздардын тазалыгын, назиктигин, аруулугун, таланттуулугун даңазалап, жалпы эле аял затынын улуулугун көрсөтүп ачып берүү негизги өзөгүн түздү.  Калыстар тобунун калыс чечиминин негизинде жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор жана профсоюздук комитетинин акчалай сыйлыктарына ээ болушту.

 

Материалды даярдаган:

Сатиев Азамат