Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Студенттер менен жолугушуу

2022-жылдын 22-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Гуманитардык колледжде юридикалык адистиги боюнча билим алып жаткан бүтүрүүчү 3-курстун студенттери жана алардын окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Т.А.Конокбаев окуу планын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинде конокто болушту жана студенттерге практикалык окуу өткөрүлдү.

Алгач бул жолугушууда студенттер кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин кызматкерлери менен таанышышты. Аларга укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М.Кадыркулов кесиптик бирликтин тарыхы, Борбордук комитеттин иши, түзүмү жана областтык, райондук, шаардык комитеттери тууралуу кеңири айтып берди. Жолгушуунун башында Б.М.Кадыркулов кесиптик бирликтин негизги максаттарын айтып, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  жашоо деңгээлдеринин жакшырышына негизделген жеке жана жамааттагы социалдык, эмгектик, кесиптик укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоого жана коргоого, кесиптик бирликтин жана анын уюмдарынын билим берүү тармагындагы коллегиялуу органдарындагы  өкүлчүлүктүү  укуктарын жүзөгө ашырууга, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жашоо  шарттарынын сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Аны менен бирге, кесиптик бирликтин негизги милдеттери болуп кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик, чарбалык, коомдук жана башка уюмдарда алардын менчигинин түрүнө жана макулдугуна карабастан өкүлдүк  көрсөтөт жана коргойт, мыйзамдардын долбоорлорун даярдоого жана аларды талкуулоого катышат, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды кабыл алат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, тармактык кесиптик бирлик уюмдарынын негизделген талаптарын колдойт, мамлекеттик жана чарбалык органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, алар менен өзүнүн алакаларын толук укуктуу кызматташтык негиздеринде жана социалдык өнөктөштүк принциптеринде алып барат ж.б.у.с. саналат.

Жолугушуу убагында Т.А.Конокбаев жана Б.М.Кадыркулов эмгек мыйзамдарына, кызматкерлердин укуктарына, кесиптик бирликтин бүгүнкү күндөгү ролуна, эл аралык уюмдар менен кызматташууга, юридикалык жактан жардам берүүлөргө, жумуш убагында бөөдө кырсыктарды изилдөөгө, коомдук көзөмөл жүргүзүүгө, кошумча төлөмдөрдүн берилишине токтолуп, Борбордук комитеттин Ресурстук борборунун базасы менен тааныштырып өттү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин  Кесиптик бирлиги (мындан ары – Кесиптик бирлик) - өз алдынча, көз карандысыз, билим жана илим уюмдарындагы жана мекемелериндеги укуктук-уюштуруучулуктун бардык жана менчигинин түрлөрүндө, билим берүү тармагындагы башкаруу органдарында эмгектенгендерди,  жогорку окуу жайларынын студенттерин, кесипчилик орто окуу жайларынын окуучуларын, тармактын убактылуу иштебеген ардагерлерин, ошондой эле  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине мүчө болуп киришкен башка тармактардын кызматкерлерин  коомдук башталыштарда  бириктирген коомдук уюм.

Жолугушуунун жыйынтыгында студенттер берилген суроолоруна жооп алышып, башка комитеттердин да ишмедүүлүгү менен таанышып кетишти. Мындай практикалык окууну уюштургандыгы үчүн студенттер окутуучусу Т.А.Конокбаевге жана Борбордук комитеттин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети