Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Спорт биримдиктин, ынтымактын башатынын бир бутагы

Бишкек гуманитардык университетинин окутуучулар жамаатынын ортосунда 10-11- январь күндөрү профсоюздук комитети тарабынан волейбол, шахмат жана стол тенниси боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдешке окуу жайдын факультеттеринен, бөлүмдөрүнөн болуп жалпы  тогуз команда ат салышты. Иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, мыктылар аныкталды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр профсоюз тарабынан даярдалган атайын дипломдор , грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Айта кетсек, волейбол оюну боюнча биринчи орунга Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети алдыга озуп чыкса , экинчи жана үчүнчү орундарды окуу жайдын жетекчилиги ошондой эле каржы жана чарба иштери боюнча бөлүмдөрү камсыз кылып, татыктуу сыйлыктарына ээ болушту.

Сыйлык тапшыруу учурунда профкомдун төрагасы сөз сүйлөп:

Бардыгыңыздардын кирип келген Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Жаңы жылда жаңы жетишкендиктерди жана ишиңиздерде ийгиликтердин көп болушуна тилектешмин. Спорт биримдиктин , ынтымактын башатынын бир бутагы катары каралып келет. “Спорт ден соолуктун булагы”- деп айтылгандай ар бирибиз спорт менен достошсок сергек жана таза жашоодо жашап ден соолугубуз бекем, биримдигибиз бийик  болоорунда шек жок- деген өз оюн билдирүү менен кызматкерлерди биримдикке чакырып өттү.

Жыйынтыгында кызматкерлер БГУнун бириккен профсоюздук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган Сатиев Азамат