Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Согуш отун кечкен Афган ардагерлерине даңк

Мындан туура 32 жыл мурун 1989-жылдын 15-февралында Афган согушу аяктап, Советтик аскерлер Афганистандан чыгып, өз мекенине кайтышкан. Мекен үчүн кызмат өтөгөн жоокерлердин эмгегин даңктоо жана аларды эскерүү максатында бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Афган ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Бул жолугушууга окуу жай жетекчилиги жана студенттер катышты.

Оңой айтылбаган 10 жылдык апаат согуштун кесепети кыргыз элине да тийип, Кыргызстандан 7000 ден ашуун жоокер барып, 259у курман болсо, 1500 дөй жоокер ар түрдүү жаракат алып, 600гө жакыны майып болуп кайтканы айтылат. Дал ушул Ооган согушунун отун кечкен ардагер Ысматилла агайыбыз согуш талаасы тууралуу ой бөлүштү.

 

Жолугушуунун жүрүшү абдан кызуу уланды. Анткени жаштарды кызыктырган суроолорго каармандарыбыз өзгөчө дем менен, өзгөчө сүр менен жооп беришип, эркин форматта маек курушту.

 

Каныбек Халиков Афган согушунун катышуучусу. Оор тагдырга туш кылган бул күндөрдү эскерүү оңой эмес экенин жана андагыдай согуш талаасын көрүү мындан кийин башкаларга буюрбасын каалайт. Ошол менен бирге согуш бүткөндөгү толкундоо сезими өзгөчө күч, сөз менен жеткире алгыс баалуу сезим экенин айтат.

Афган согушу далай адамдардын жүрөгүнө өчпөс дак калтырды. Аны эскерип гана тим болбостон, ардагерлерге социалдык жардам жана материалдык колдоо көрсөтүп, алардын мекен үчүн жасаган эмгектерин даңазалап жүрүү биздин милдет экени талашсыз. Андыктан бүгүңкү майрамдын урматына , ардагер агайларыбызга окуу жай жетекчилиги тарабынан 5000 сомдон сый акча берилди.