Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Шабданов Тагайбек Козубекович

Шабданов Тагайбек Козубекович

 

2020-жылдын 8-сентябрында Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын 2006-2020-жылдар аралыгында иштеп келе жаткан мезгилинде шум ажал арабыздан алып кетти.

Шабданов Тагайбек Козубекович эмгек жолун 1977-жылы өзү окуган Таш-Көмүр шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектебинде немец тили мугалими болуп баштаган. 1981-1992-жылдары аталган мектепте башталгыч аскердик даярдык боюнча жетекчи,окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

1992-1994-жылдары Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүндө инспектор, 1991-1992-жылдары Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрагасы, 1994-2001-жылдары Таш-Көмүр шаардык социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы,2001-2003-жылдары Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басары, 2003-2006-жылдары Таш-Көмүр шаардык “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башчысы,2006-жылдан Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, үстүбүздөгү жылга чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Шабданов Тагайбек Козубекович – мугалим, окуу бөлүм башчысы, инспектор, жетекчи, бөлүм башчы кызматтарында иштеген мезгил убагында мектеп, бала бакчалардын окуу-тарбия иштери жакшы жолго коюлуп,мектептердин материалдык-техникалык базасы бир топ жакшырган.Өз ишин сүйгөн, эл менен иштей билген, чынчыл,устат, насаатчы, педагогдор жамааты, ата-энелер, шаарыбыздын элинин арасында чон урмат сыйга ээ.

Эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектери үчүн шаардык,областтык билим берүү башкармалыгынын,областтык администрациясынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин, “Билим илим профсоюз кыймылынын отличниги” жана “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата медалдын ээси.

Дээрлик 40 жылдан ашуун мезгилде билим берүү жаатында талыкпастан эмгектенип, Тагайбек Козубековичтен билим тарбия алган миндеген улан-

кыздар азыркы учурда шаарыбызда гана эмес областыбыздын, республикабыздын сыймыгы болгон өнөр жай, айыл чарба ишканаларында кен казуу,гидроэнергетикада, курулушта,медицина менен элге билим берүү тармактарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Таш-Көмүр шаарындагы көптөгөн педагогдор билим берүү тармагында эмгеги,жигердүү аракеттерин, өздөрүнүн устаты катары урматтап келишет.

Басып өткөн жолу жана өмүрү,ишмердүүлүгү, жетекчилик жөндөмү эл арасында баркталып, Шабданов Тагайбек Козубековичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Биз,Т.К.Шабдановдун дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө,уул-кыздарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.Арты кайырлуу,жаткан жери жайлуу, жаны жаннатта,топурагы торко болсун!

Г.А.Эргешова

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу

Э.Ж.Эгизалиева

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы

А.Мамасалиева

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин директору

К.Н.Кенжекулова

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу

Асилбек кызы Жыпара

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Б.А.Молдомуратова

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтери

Д.Базарбаева

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн экономисти