Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Санариптик билим берүү Жалал-Абад мамлекеттик университптинде

Дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бүрган “COVID-19” вирустук ылаңынын кесепетинен бардык билим берүүчү мекемелерде окуу процесси онлайындык форматта уюштурулуп келе жатканына мына жакында бир жылдын жүзү болот. Мындай шартта мектептердин мугалимдерине гана эмес атайын орто жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине да техникалык маалымдуулугун арттырууга көңүл бурууга түрткү болду. Ошондуктан ЖАМУнун медициналык колледжинин окутуучулары үчүн “Креатив” билим берүү комплексинин “Санариптик билим берүүдөгү артыкчылыктуу платформалар” деген аталыштагы кеңири программадагы 3 күндүк семинары уюштурулуп, ага эки бөлүмдөн 28 окутуучу катышты. Сабакта материалды презентациялоо, кайтарым байланышты түзүү, жыйынтык натыйжаны сактоо сыяктуу иш аракеттерди онлайн форматта ишке ашыруунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Google сервистик программаларын пайдапануунун жолдору көрсөтүлүп, практикалык тапшырмалар аткарылды. Семинардын аягында сертифификаттар тапшырылды. Медициналык колледждин директорунун орун басары Г.Темирбаевва, баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси Г.Алимбаевалар уюштуруучуларга, семинардын тренерине ыраазычылык билдирип, каалоо тилектерин айтышты, катышуучулар алган маалыматтарына канааттануу менен семинардын программасы кызыктуу түзүлгөндүгүн белгилешип, натыйжалуулугуна мыкты баа беришти.

 

Даярдаган: Нуржан Баитова
Жалал-Абад шаары 2021-жыл 6-февраль