Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Сабаттуу бол-2021» сынагы

Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан Кыргыз элинин туңгуч агартуучуларынын бири, лексикограф,  лексиолог К.Карасаевдын 120 жылдыгына  карата университеттин окутуучулары арасында «Сабаттуу бол!» өзүн-өзү текшерүү сынагы өткөрүлдү. Аталган сынакка ар бир институттан 5тен окутуучу онлайн форматта (ZOOM) катышты. «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан катышуучуларга суроо-жооп иретинде ар түрдүү тематикадагы (орфография, фразеология, пунктуация жана адабий  норма) 20 суроону 20 мүнөттөн ичинде жооп берүү  шарты коюлган.

  

Сынактын жыйынтыгында:

1-орунду «Компьютердик лингвистика» кафедрасынын саяс.и.к., Ажымамбетова Назгүл Качкыновна (ЖМТИ- 54 балл) жана «Колдонмо информатика» кафедрасынын окутуучусу Жангазиева Гүлназ Акылбековна (ЖМТИ- 54 балл);

2-орунду – «Жүк ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу» кафедрасынын доценти, т.и.к., Алтыбаев Аманбек Шаршенбекович (ТРАНСЭКОИН -50 балл);

3-орунду ”Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар” кафедрасынын окутуучусу Уранова Медина (КжТИ – 49 балл) ээледи.

Ал эми студенттер арасында  «К.Карасаевге 120 жыл» деген аталышта  дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгында:

1-орунду Асхат кызы Канышай ( ЖМТИнин ИСТ-1-20 т.с.);

2-орунду Шаршекеева Турдиян  (ЖМТИнин БМИ-1-20 т.с.);

3-орунду Жолдошбекова Мирзат (ЖМТИнин БИС-2-20 т.с.) ээледи.

 

«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы