Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Профсоюздук чоң жыйын- съезд ийгиликтүү өттү

                Билим  жана илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун Борбордук  Комитетинин төрагасы,  педагогика  илимдеринин  кандидаты,  профессор   А.Токтогулов, Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы   А.  Исмаилов, Профсоюздардын Ысык-Көл облустук  Кеңешинин  төрагасы  Э.Садабаевдерден  турган  топ  Кыргызстан  профсоюздарынын  делегациясынын  курамында  Москва  шаарында  2017-жылдын  11-13 сентябрында өткөн  Бүткүл  дүйнөлүк профсоюздар  конфедерациясынын  VIII  съездине  катышты.

                 Анда  Конфедерациянын  Генералдык  катчысы  В.П.Щербаковдун Эмгекчилердин  социалдык-экономикалык, укуктук  кызыкчылыктарын  коргоо, дүйнөлүк профсоюздук кыймылдын учурдагы   абалы  жана келечеги  жөнүндөгү  доклады  зор  кызыгууну  жаратты.

     Съездде   Кыргызстандык  делегациянын  атынан  Кыргызстан  профсоюздар  Федерациясынын  төрагасы  М.  Асанакунов  өлкөбүздө профсоюздар   тарабынан жүргүзүлүп  жаткан  иштер  жөнүндө билдирүү   жасады.

   Съездден  кийин Профсоюздардын  Эларалык  бирикмесинин (МОП)  кеңешмеси  болуп, анда  КРнын  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин   төрагасы  А.  Токтогулов  тармактык  профсоюз  тарабынан  жүргүзүлүп   жаткан  иштер  боюнча  кеңири  маалыматтарды  берди  жана  профсоюздук  кыймылдын келечеги  жөнүндө  ой-пикирлерин  билдирди.

    Талкууга   Профсоюздардын Ысык-Көл облустук  Кеңешинин  төрагасы   Э. Садабаев катышты.

Делегаттар  көптөгөн пайдалуу  маалыматтарды  алышты.

 

 Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы   А.  Исмаилов