Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Профсоюздук мүчөлүккө мотивациялоо менен бирге мүчөлүктүн катарын өстүрүү

Профсоюздук мүчөлүккө мотивациялоо менен бирге мүчөлүктүн катарын өстүрүү

        Таш-Көмур шаардык билим берүү болумүнө караштуу Теңдик айыл аймагындагы жаңы ачылган “Ай-Данек”бала бакчасынын жумушчуларын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун катарын өстурүү аракетинде мүчөлүккө кабыл алуу аземи өттү.

        “Ай-Данек” бала бакчасынын башчысы Чолпонкулова Гульназ Жыналиевна менен биргеликте  профсоюз уюмунун алгачкы жыйыны өткөрүлүп,баштапкы профсоюз уюмунун башчысын Юлдашева Нуриса Турдумаматовнаны бир добуштан шайлашты.

      Профсоюз уюмунун мүчөлүгүнө 13 кызматкер кабыл алынып,уюмдун Уставы, Шаардык комитеттин Жобосу,профсоюз уюмунун баштапкы бирлигинин жоболору, Эмгек Кодекси менен биргеликте бир катар мыйзамдар менен тааныштырылды.

         Шаардык комитеттин атынан жаңы уюшулган бала бакчага жана иштеп жаткан кызматкерлерге ийгиликтерди каалап кайттык.