Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“ Профсоюз уюму биримдиктин күчү”

     БГУнун  бириккен профсоюздук  комитетинин  жамааты 2017- жылдын 26- май күнү  жылдык планга  киргизилген көчмө семинар өткөрдү. Семинар Сейсмология институтунун жыйындар залында болду. Семинардын жүрүшүдө негизги эки масале каралды.  Алар:  профсоюз уюмунун  жалпы жобосун талкуу жана профсоюз уюмунун жалпы  ишмердүүлүгү  тууралуу.  Семинар  профкомго  мүчө  болуп  жаны  кошулган  профоргдор  үчүн  абдан  кызыктуу  болду . Себеби,  талаштан  тактык  жаралат дегендей  талкуу жогорку деңгээлде  болуп,  профсоюз  уюмунун  ишмердүүлүгү  тууралуу кенен  маалымат  берилди. Суроолор жазылып  атайын  даярдалган баракчалар  таратылып,  ар бир  катышуучу  өздөрүнүн  суроолоруна  жооп  берип , иш жүргүзүүнүн ыкмалары  тууралуу ой бөлүшүштү . Семинарга жалпы 18 адам  катышты. Жыйынтыгында  “ Профсоюз  уюму  биримдиктин  күчү”  деген  ураан менен аяктады.