Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Профсоюз тармагында жаш кадрларды даярдоо, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу

“Россия Федерациясынын борбору болгон Москва шаарында Профсоюз тармагында жаш кадрларды даярдоо, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу о.э, башка өлкөнүн жарандары менен кызматашуу максатында КМШ мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде профсоюз кызматкерлерине окуу семинары уюштурулуп, ага  Армения, Беларусия, Казакстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышты. Өлкөбүздөн барган делегациянын курамы жети адамдан туруп, мен да катышып келдим” – дейт профсоюздун жаш лидерлеринин бири Акбараалы уулу Өмүрбек жана буларга токтолду.

"Семинар жорогку деңгээлде уюштурулуп, 9 күн  аралыгында (22.03-31.03) профсоюз тармагы боюнча билим алып, ой бөлүшүп, тажрыйба алмашып келдик. о.э, Москва шаарына экскурсия уюштурулуп, тарыхый музейлерди, жаңы курулуп жаткан имараттарын көрүп, белгилүү кооз жерлери менен тааныштык.  Жалпысынан Москвага барган сапарыбыз аябай кызык өттү.

Профсоюз уюму - эмгекчилердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоочу коомдук уюм катары, жетекчи менен кызматкердин ортосунда чон көпүрө болуп кызматкерлерди ар тараптан колдоп, жумуштун алга жылуусу үчүн бир топ иштерди жасап  келет. Советтик доордо профсоюз уюму дүркүрөп өнүгүп, 90-жылдан кийин союз ыдырап, эгемендүүлүк алгандан кийин ар өлкөдө ар кандай деңгээлде иш жүргүзүп келет.

 

ОшМУнун студенттик “Нур” гезитинин редактору Улукбек Омокеевдин калемине таандык төмөнкү ыр саптар профсоюздун ишмердүүлүгү, коомдогу орду, функционалдык милдеттерин камтыйт.

“Жакшылык жасай берет профсоюз!”

Жемкорду женип чыгат, утуп баарын,

Ак сымдан сууруп чыгат тушукканын.

Тажабай иштей берет профсоюз,

Коргоодон эмгекчинин укуктарын!

 

Жан үрөп, жамандыкты жоюп келет,

Жакшы ишке жамаат менен болуп себеп.

Жетекчи карапайым жумушчуну,

Чогултуп чоң көпүрө болуп келет!

 

Аялга, аксакалга, эр жигитке.

Бир карайт бүт баарысын теңчиликте,

Жарыгын чачып дайым иштеп келет.

Тармактык, аймактык да өндүрүштө!

 

Жашоо бул-бир кайгырып, бир кубануу.

Эң назик адам көөнү гүл сыңары,

Данакер болуп дайым профсоюз.

Жамааттын сакталууда ынтымагы!

 

Шар сууну тайманбастан кечип келет,

Кээ бирде тоскоолдуктан өтүп келет.

Чыр-чатак, талаш-тартыш болуп калса,

Жеринде калыстыкта чечип келет!

 

Жаштар бар, кабагы ачык жаркылдаган,

Жамаат бар бизде иштеп жан тынбаган.

Жолдомо берип иштүү кызматкерге,

Жыл сайын эс алуусун камсыздаган!

 

Эч качан тоңбосунчу жүрөктө муз,

Чертилсин жакшылыкка жүрөк комуз.

Камсыздап жакшы жашоо эмгекчиге,

Жакшылык жасай берет профсоюз!

 

 

Бүгүнкү күндө Россиянын профсоюз федерациясында  тактап айтканда ФНПРде (Федерации независимых профсоюзов России) 21 млн мүчө катталып, ошого жараша масштабдуу иш чаралар уюштурулуп, стратегиялуу пландар түзүлүп, эмгекчилердин укугун коргоо жаатында бир топ иштер жасалып, инновациялык методдорду колдонуу менен профсоюз уюмун заман талабына жараша жандантып келишүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан профсоюздар федерациясында (КПФ) 700 миндей профсоюз мүчө бар, мүмкүнчүлүккө жараша өлкөбүздүн ар кайсыл тармагында эмгекти коргоо, жумушчуларга шарт түзүү, эс алуусун камсыздоо менен ар тараптан колдоп, моралдык, материалдык жактан жардам берип, көптөгөн социалдык, маданий-массалык маселелерди чечип келет".

 

ОшМУнун Студенттик Акыйкатчысы,

 профкомдун Президиумунун мүчөсү,

 төраганын студенттер менен

иштөө боюнча орун басары:                                                      

 

 Акбарали уулу Өмүрбек.

2015-жыл.