Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Пленум болуп өттү

Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары А.Курманалиева Кемин райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаева, районундогу билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымдары катышты.

Күн тартибинде Кемин районунун Билим берүү  мекемелеринде Кыргыз Республикасынын  "Билим берүү", "Мугалимдин статусу", "Социалдык өнөктөштүк" мыйзамдарынын билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлерди социалдык экономикалык жактан көргөн беренелердин аткарылышы каралды. Акыркы жылдары айыл өкмөттөр менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдер өз жемишин бергендиги айтылды. Кемин районунун билим берүү кызматкерлерине айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 2019-жылы  1.750.000 (бир миллион жети жүз элүү миӊ сом) төлөнүп берилди. Пленумдун акырында алдынкыларга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталары тапшырылды. Кемин райондук кесип бирликтер комитети акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 

Материалды даярдаган:

Айсалкын Чылабаева