Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Отзывы участников международного конгресса в Анталии (Турция)

ОТЗЫВЫ

Об участии  в Международном конгрессе тюркского мира в области образовательных и социальных наук, организованным Турецким профсоюзом образования в г. Анталья Турецкой республики с 6 но 9 декабря 2018года.

 

Группа из Кыргызстана состояла из 8 человек. Для формирования группы из академической сферы для участия на таком международном конгрессе ЦК профсоюза работников образования и науки КР проведена огромная скурпулёзная работа. За это выражаю огромную благодарность председателю ЦК профсоюза работников образования и науки КР Токтогулову Асылбеку Токтогуловичу. Отдельное спасибо заведующему отделом ЦК Бредихиной Вере Анатольевне. Все процедуры организации поездки были выполнены в сроки. После благополучного приземления в г. Анталья, нас встретили отвезли в отель, без каких либо задержек расположили в номерах 5 звёздного отеля, сразу же нам дали раздаточные и информационные материалы. На все возникающие вопросы нам помогали Женгиз бей и Эркан бей. В регистратуре мы без проблем общались с Ириной и Дамирой. Доклады участников из Кыргызстана проходили одновременно в 4 холлах отеля в одно и тоже время (18.45-19.15), поэтому нам не удалось присутствовать у друг друга. Мой доклад был подготовлен в виде слайдов на турецком языке, поэтому мне легче было донести до аудитории суть доклада. Открытие и закрытие конгресса а также  принятие резолюции Конгресса проходили в духе профсоюзной солидарности, дружбы и взаимопонимания всех участников (760 человек), которые выражались бурными аплодисментами. Руководители, да и сами рядовые участники конгресса очень высоко отзывались о нашем лидере Асылбеке Токтогуловиче. Это нас вдохновляло! Нам совместно с делегацией Азербайджана организовали экскурсию по достопримечательностям Анталии. СПАСИБО НАШЕМУ ПРОФСОЮЗУ  работников образования и науки КР. УРААААА!!!!!!!!

 

 Бектуров Э.Ш.

 

 

 

Анталияга болгон иш-сапар

2018-жылдын 6-декабырынан 9-декабырына чейин Туркия мамлекетинин Анталия шаарында «Социалдык жана билим берүү тармагындагы түрк дүйнөсү» аттуу Эл аралык конгресске Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин сунушу жана колдоосу менен 8 адамдан турган билим берүү жана илим тармагынын өкүлдөрү  катышып келдик. Аталган Эл аралык конгресс мыкты уюштурулуп, жогорку деңгээлде өтүп, ага түрк тилдүү - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайджан, Хорватия, Македония жана Туркия мамлекеттеринен 700 гө жакын өкүлдүр катышышты.

Кыргызстандан барган делегациянын жетекчиси Кадыркулов Бедил Мешкенович аталган Эл аралык конгрессте баяндама жасап, конгресстин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип,  катышуучуларга ийгилик каалады. Ал эми делегациянын калган мүчөлөрү секциялык отурумдарда баяндамаларды жасашып, талкууга катышып, жыйынтыгында ыраазычылык барактарына ээ болушту.

Анталияга болгон жумуш-сапарыбыз мазмундуу жана жемиштүү өттү. Бул сыяктуу Эл аралык иш-чаралар билим жана илим кызматкерлеринин тажрыйба алмашууларына шарт түзүп, көптөгөн ийгиликтердин жаралышына өбөлгө  түзөт.

Делегациянын атынан жакшы колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, п.и.к., профессор А. Т. Токтогуловго жана ал жетектеген аппарат кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.

Кыргыз-Өзбек университетинин Бириккен профсоюз комитетинин төрагасы  Ш. М. Эгамбердиев      

 

 

 

Профсоюз   баарын колдойт

Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдила  Аламбекович  Ахматбековдун  Анталья шаарында өткөн Эл аралык Конгресси боюнча  ой пикири.

2018-жылдын  6-9-декабрь  күндөрү  билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин  буюрмасына  ылайык Түрк  билим берүү профсоюздары тарабынан  уюштурулган  Түрк дүйнөсүнүн Эл аралык конгрессине катышуу үчүн    Түрциянын  Анталия шаарында  болдум. Аталган конгресске  Кыргызстандан  8 делегат катышты.    Конгрессте  “Кыргыз Республикасынын орто мектептеринде  көп тилдүүлүк программасын кийирүү”  жөнүндө  доклад окуп, Кыргызстандын мектептеринин  көп тилдүүлүк  программасына  көнүл бурганы  конгресстин катышуучуларына  жакшы ой пикир калтырып, доклад боюнча  жакшы ойлор айтылды.   Конгресске Түрк тилдүү мамлекеттеринин  профсоюз лидерлери  катышып, өз докладдарында билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча,  билим берүүнүн жаныча системасында иштөөгө шарт түзүү боюнча, илим жактаган кызматкерлерди колдоо боюнча   жасалып жаткан иштерин  менен тааныштырып   өтүштү.

Борбордук Комитеттин  төрагасы  А.Т.Токтогуловдун  жогорудагы конгресске  мен сыяктуу  шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларын    жиберүүсү   жакшы жөрөлгө десем жанылышпайм. Анткени бул  сапар бир чети эл жер көрүп тажрыйба алмашууну  көздөсө, бир чети иш берүүчүлөр менен  профсоюздардын ортосундагы   ынтымактуу ишмердүүлүктү, социалдык  өнөктөш катары  бекем  туруктуулукту  камсыз кылат экен.  Сапар учурунда  Түрк  профсоюздарынын билим берүү жаатындагы аткарып жаткан иштери мугалимдердин турмуш шарттары, социалдык абалдары менен  таанышууга  кенири шарт түзүлдү.

Баткен шаары жаңы шаар болгонуна карабай, аткарылып жаткан иштердин жана социалдык өнөктөштүктөгү  жетишкен ийгиликтерди белгилеп, иш берүүчүлөргө  стимул берүүнү көздөп иштеген  билим берүү кызматкерлеринин Баткен областтык профсоюз комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков да  иш билги, көрөнгөч, уюштургуч жетекчи экенин белгилеп айткым келет. Асылбек Токтогулович, Завридин Насырович  сыяктуу профсоюз лидерлеринин   бизди колдоосу , албетте  жасаган ишине дем жана стимул берет.

 

 

 

Турциянын Анталия шаарында Түркиянын билим берүү профсоюзу өткөргөн түрк дүйнөсүндөгү 

билим берүү, социалдык жана коомдук илимдер боюнча 

II-ЭЛ АРАЛЫК  КОНГРЕССИ

Турция мамлекетинин Анталия  шаарында 2018-жылдын 6-8-декабрь күндөрү билим берүү, социалдык жана коомдук илимдердин Эл аралык II-конгресси болуп өттү. Эл аралык конгресске  Туркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайждан, Косово, Россиянын Татарстан, Крым Республикалары катышты. Жогорудагы аталган мамлекеттердин илимий мекемелеринин жаш окумуштуулары катышты.

Анталия шаарында 7-декабрь күнү саат 10.00 дө ачылыш аземи болуп, Эл аралык II-конгрести Тщркиянын билим берүү профсоюзунун төрага сынын орун басары Джингиз Коджакаплан ачып, төрага Талип Гейлан куттуктоо сөз сүйлөдү.

Эл аралык конгресске Кыргыз Республикасынын жаш окумуштуулары жана профсоюздук уюмдардын төрагалары, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышып, илимий докладдар менен чыгып сүйлөштү. Доклад боюнча айрыкча Кыргыз Респуликасынын укуктук-ченемдик актылары  туурасында суроо жооптор менен кызуу талкуулар болду. Эл аралык II-конгресс өз ишин 8-декабрь күнү саат 6.00 дө салтанаттуу жабылыш аземи менен аяктады.

   

Бедил Кадыркулов