Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы: ПРОФСОЮЗДАРДЫ БҮЛҮНТҮҮГӨ ДАЛАЛАТ. “Эркин профсоюздар” деп кыйкыргандардын эңсегени эмне?

Албетте, дүйнөлүк ар кырдуу глобалдык процесстер күрдөөлдүү жүрүп турган кезде мейли саясый, мейли социалдык же экономикалык, же дагы башка аспектилерде болсун, жумурай-журтту айраң-таң калтырган түрдүү личносттордун, тараптардын, же катмарлардын жасаган билдирүүлөрү менен кайрылуулары кээде кыргыз коомчулугунда да жаңырып келүүдө. Мына ушундай “жаңырыктардын” бири Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин жалпы кыргызстандыктарды Жаңы Жыл менен куттуктоосунан ушул жылдын башталышында Аки-Пресс маалымат аренасы аркылуу “... биз өзгөрүүдөбүз, адамдар өздөрү өзгөрүүдө, биздин коом, өлкөдөгү атмосфера өзгөрүүдө. Атуулдук активдүү позициябызга көп нерселер көз каранды...” деп цитата келтирген, андыктан чындыкты гана айтышыбыз керек деп “чыркыраган”, бүгүн Кыргызстандагы профсоюздар элди алдап жүрүшөт, мыйзамсыз жашап келатышат, мамлекеттин мүлкүн уурдап алышкан деп маалымат таркатышкан, өздөрүн алардын айтуусунда алданып жүргөн миңдеген-миллиондогон профсоюз мүчөлөрүн сактап калуучуларбыз, ушул максатты көздөп түзүлгөн Кыргызстан эркин профсоюздар конфедерациясын түптөөчүлөрбүз деген Н.Асанов жана Н.Дүйшөнбеков деген эргулдардын пресс-конференциясы болду.                                      

Ырас, Кыргызстандын баардык профсоюздарынын короосуна таш ыргыткандай болгон мындай аракеттер бүгүн эле болуп жаткан жери жок. Мурдараак жылдарда деле аз-аздап болсо да профсоюздардын “дубалынын сырт жактарында” кандайдыр-бир эл аралык уюмдардын колдоосу менен учурдагы профсоюздардын орду жана ролу жөнүндө жолугушууларды, семинарларды жана окууларды өткөрүшүп, же болбосо ушул өңдүү маалыматтарды таркатып жүрүшкөндүктөрү белгилүү болгон. Бирок бул ирет алгач Жогорку Кеңеште, андан соң минтип Аки-Пресс, кечээ жакында КТРКнын “Ой-Ордосу” аркылуу өз маалыматтарынын жана кайрылууларынын масштабын, формасын жана мазмунун чоңойтуп “элге таанылып” отурушпайбы.                                                Көргөндөрдүн көпчүлүгү Кыргызстандын профсоюздарына асылган бул балдарга жин тийген эмеспи деп сурап, асмандагы башка планеталардан түшө калгансып, же Кыргызстанга чет жактан келип калгандай эле айгай салган жигиттер кимдин “долбоору” экендиги азырынча бизге түшүнүксүз болууда, бирок көздөгөн максаттары элге-журтка дегеле жакшылык алып келгидей эмес экендиги даана байкалып турат деп айтып жатышкандыктарын да түз эле айтып коелу.                       Кыргыз эли байыртадан сөз багып, анын касиетин, улуулугун кастарлап келген эл. Андыктан “Айтылган сөз – атылган ок” деп бекерден калбаган. “Айткан сөзгө жооп бермек барын”, “Көп сөз эмес, азганактай иш азык атаарын”, “Сынчы сыңар өтүктөрү майрык” болуп калаарын аңдабаган, таназарына албаган бул “жаңы көз караштагы” балдарыбыз тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстаныбыз чыгарып жаткан “жаңы продукциябыз” экендиги баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутууга тийиш го замандаштар!                                                                                                                 Бул конфедерациячылар телевидениедеби, трибунадабы, башка жердеби элдин алдында сүйлөшүүнүн эрежесинен, адамдарга сый-ызаат менен урмат көрсөтүүдөн, мындай атмосферада өзүн кармануудан, маданияттын элементардык нормаларынан түшүнүгү жоктой пикир калтыргандыгын, адилеттүүлүк үчүн белгилей кетелик, улуу муундун, орто жана жаш муундарыбыздын деле көпчүлүк өкүлдөрү айтышууда. Тигинтип, мыйзамдык нормаларга ылайыкташтырылган документ-кагаздарды “покко да жарабайт” дегенсип, экинчи тарапка карай ыргыта чачканы эң биринчиден, адам катары өздөрүн сыйлабагандыктын белгиси. Сөзгө конок бербестен туурадан каптап, бирөөнүн оозундагы сөздү жула талашкан кантип болсун? Кудай Таала ар кайсыл айткан сөздү кунт коюп угуп, терең анализдеп түшүнүп алып, анан сурап же жооп берсин деп айбандардан айырмалантып адамга жогорку акылды бергендигин унутпашыбыз керек, антпесек көчөгө жүгүрүп чыгып арсылдап үргөн иттен айырмабыз кайсыл болуп калат?                       Атуулдук активдүү позициясын көрсөтөбүз, элге таанылабыз дегендер, же болбосо саясатта упай ашырууга далалат кылгандардын Президенттин, же даанышман улуу ойчулдардын айткандарын эле эмес, ыңгайы келгенде эл оозундагы эң орунсуз фраза-цитаталарды деле бурмалап пайдалануу “модасынын” заманы өтүп кетип жаткандыгын кыязы, бул балдар али түшүнө элек көрүнөт. Мындай болбогондо, тээ батыштан келген бул өңдүү маданиятсыз, ыплас, бузукулукка сугарылган, жашообуздун баардык тармактарына сүңгүп кирип алган “технологияларга” жыйырма жылдан ашуун жетеленип жүргөнүбүздөн Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгүп алдыга жылып кетпейт белек деп эмне үчүн өзүбүздөн сурабайбыз? Ооба, азыркы кезде коомубуз өзгөрүп, адамдардын аң-сезими өсүп калган жыйырма биринчи кылымда кыргыз эли эркиндикти, азаттыкты самап эки жолу бийлик алмаштырганга жетиштик. Албетте, профсоюздар тармагындабы, саясый бир партиянын ичиндеби, же өлкөнүн бийлик эшалондорундабы, кандай гана революциялар, же өзгөрүүлөр болбосун, мындай процесстердин башында тургандардын кимиси өз, кимиси душман, кимдин-ким экендиги так-таамай аныкталып-ачыктала турган, тарых өз баасын берээр күндөр  деле алыс эмес деген ишеничте жашоого тийишпиз.                                         Минтип профсоюздардын эркин конфедерациясын түзгөндөр эгер эле профсоюздарга жардам бергиси, же анын катардагы мүчөлөрүнө көмөк көрсөткүлөрү келсе, дегеле коомдо тынчтык орноп, чындап жакшы саамалыктар жайылтылсын дешсе, анда эле алгач өлкөбүздүн баш мыйзамы болгон Конституциябызга, Профсоюздар, Социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү, Эмгек Кодекси, тармактык Уставдары, дагы башка бир катар мыйзамдарга, укуктук-нормативдик актыларга ылайык жакшыбы-жаманбы, өз ишмердигин алып барып жаткан  профсоюз уюмдары, же мүчөлөрү менен жолугушуп көрүп, анан тигинтип элдин алдына чыгышса болмок. Профсоюздардын күбөлүгүндө юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндө уюштуруу-укук формасы боюнча мамлекеттик эмес, коомдук уюм жана карамагындагы менчиктин түрү жеке деп көрсөтүлүп турса, бул юридикалык документте кайсыл жерин туура эмес дегендери таптакыр түшүнүксүз. Же эмне, юстиция министрлиги  өзү берген бул күбөлүктөрдү тааныбай жатыптырбы, же профсоюздар өздөрү жасап алышыптырбы? Анткендин ордуна ар кайсыл жерде сөөмөйлөрүн чочойтуп, туш-тарапка маалымат жайылтышып профсоюздардыгы уурулуктар, мамлекеттик мүлкөрдү ээлеп алуу, элди алдоо боюнча “былык-чылыктарды” прокуратура органдарына бердик дешип булар элдин эсин оодарышууда. Ансыз да канчалаган жылдардан бери өзгөчө бюджеттик мекемелердеги кайра-кайра текшерүүдөн тажап турган жерлерге дагы текшерүү келсе кыжырды гана келтирээри буларды ныпым да тынчсыздандырбай тургандай көрүнөт.                                                                                Ал эми учурда Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов жетектеп келаткан аракеттеги профсоюздар кимден көз каранды болуп, кимге кошамат кылып, кимдин колуна суу куюп, кимге чөгөлөп, же кайсыл жерде эркиндиги чектелип калгандыгын аныктап албагандан соң, бул “азаматтар оозуна келгенди оттоп” профсоюздардын эркиндиги үчүн деп мындай масштабдуу чууну көтөрүүнүн, же көптөгөн адамдардын эмгегине көө сүртүүнүн арты эмнеге алып келишин да ойлонуп койбогондуктары  өкүнүчтүү.                                        Алардын профсоюзга киргенде адамдардын макулдугун албай туруп эле эмгек акысынан 1% өлчөмүндө мүчөлөк акыны кармай беришет деген дооматы акылы соо адамдын күлкүсүн гана келтирет деп айтсак жарашчудай. Айталы, азыркы учурда деле жумушка жаңыдан киргендер, же ЖОЖдун студенти болгондор профсоюзга арыз жазганда “...мени профсоюзга мүчөлүккө кабыл алууңуздарды суранам, анын Уставы мага түшүндүрүлдү, же аны сактоого милдеттенем” деп жазылат. Ал эми ошол Уставда мүчөлүк акы эмгек акыдан, же стипендиядан 1% өлчөмүндө белгиленет жана кармалып калат деп жазылып турса, анан дагы мүчөлүк акыны менин эмгек акымдан, же стипендиямдан кармап калгыла деп кайрадан жазуунун эмне зарылдыгы бар?                                                    Илгери СССР учурунда ВЦСПС бар болчу. Мен Россияда Тула областында Крапивна токой-чарба техникумунда окуп жүргөнүмдө биринчи жолу 1984-жылы профсоюзга мүчө болуп кирип профбилет алгам, ал жактан окууну бүткөнүмдөн кийин келип, ОшМУга окууга кирдим, ушул жерде каттоодо туруп окууну бүтүп, иштеп жүргөнүмдө профсоюздук билетимди 2002-жылы кайрадан алмаштыргам. Мунун кайсыл жери мыйзамсыз? Эгерде эле конфедерациячылар менин профсоюзга кирүү үчүн жазган биринчи жолку (жана акыркы) арызымды көргүлөрү келсе, анда эле Россиянын Тула областына барып архивинен таап көрө беришсин да.                                                                                                                            Дегеле профсоюз мүчөсү болгон адам бир убактарда билим берүүдө эмгектенген болсо, кайсы-бир убактарда айыл чарбасында, же мамлекеттик мекемелерде, же Жогорку Кеңеште, же дагы бир башка тармактарында иштеп калуусу толук мүмкүн. Андыктан азыр деле өлкөбүздүн профсоюздар Федерациясы эл чарбасынын баардык тармактарында эмгектенгендерди бириктирип турган коомдук уюм болгон соң, жаран кайсы-бир учурда профсоюзга кирүүгө арызын жазган, демек профсоюз мүчөсүнүн профсоюздук каттоо карточкасы кызматкер, же студент кайсыл жерде иштесе, же окуса каттоого алынып, өзү менен бирге ошол жерде турганы жетиштүү болушу керек.                    Эми элибизде “Иш жок жерде гана кемчилдик болбойт” деп айтылгандай, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки мезгил ичинде профсоюздардагы иштер да Федерациянын өзүнөн баштап тармактык республикалык жана аймактык комитеттерге, андан ары баштапкы уюмдарга чейин көп жеринен “аксап” келаткандыгы ар убак айтылып келгендиги да жашыруун эмес. Мисалга, республикадагы эң ири ЖОЖдордун бири болгон Ош мамлекеттик универсиетинин бириккен профсоюз уюмун жетектөө насиби буюуруп, Кудай буюрса, туптуура он жылдан бери, кыйла профсоюздук тажрыйба топтогондой болуп иштеп келаткандыгыма карабастан, менин да кемчилдигим жок эмес экендигин кантип моюнга албай кое алам? Канткен менен көптөгөн идеялар ишке ашпай, пландалган иштер бүтпөй, жетекчилик же жумуш берүүчү менен бир пикирге келе албай калган учурлар болбой койбойт. Мына бүгүн ректор Каныбек Исаков экөөбүз темир жолдун эки рельсиндейбиз, жакындашып кучакташып кетсек да, же алысташып кетсек да “авария” болушу мүмкүн дегендей. Өнөктөштүк сапарыбыз туруктуу жана узак болушуна эки тарап тең кызыкдарбыз. Мындайда диалог деген бар да. Андыктан профсоюзда бүгүн бүтпөй калган ишти эртең улантууга сөзсүз шарт түзүлөөрүнө, убактысы келээрине ишенип иш тутуу туура деп эсептейм. Мен айтаар элем, ошол конфедерациянын балдары келишсин ОшМУга, ишибизди көргөзөлү, диалог түзүп ачык сүйлөшөлү, биргелешип позитив жараталы деген максаттары болсо эшигибиз ачык. Коркуп-үркө турган, жаап-жашыра турган эч нерсебиз жок!                                                                                   Чын-чынына келгенде СССР урагандан бери эл чарбасынын бүтүндөй системалары, мамлекетти башкаруу, социалдык-экономикалык саясат, коомдук аң-сезим толугу менен өзгөрүп, кайрадан курулуп жатканда жалгыз профсоюздар баягы абалында сенек бойдон кала бергендей туюлчу мага. Себеби, профсоюздар коомдун жашоосунда кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, андан четте калышы мүмкүн эместей сезилчү. Ушул позициябызды карманган жаштар биз деле 90-жылдардын башында Бакыт Бешимов ректор болуп келгенде ОшМУда ошол кездеги студенттер Дүйшөнкул Чотонов, Арзыбек Кожошев, Каныбек Исаков, Бакыт Баев, Эрнис Мамырканов, Куштарбек Ташкулов ж.б. болуп республикада эң алгач Студенттик профсоюзду өз алдынча бөлүп түзгөндүгүбүзбүгүн эми коомчулукка таанымал болуп калган бул инсандардын эсиндедир дейм. Бирок профсоюздук ишмердикти жаңыртабыз деген жогоруда аты аталган авангард студенттерибиздей бир канча активдүү санаалаштар окууларын аяктап турмуштан өз орундарын таап кетишип, алардын артынан коомдук иш деп күйүп-жанган жаштардын катары суюла түшкөндөй көрүнгөн. Бул балким башка мезгил келгендигинен, аң-сезимдер өзгөрүп, адамдардын жашоого көз караштары башкача болгондугуна байланыштуу болгондур. Кийин биздеги профсоюз да кайрадан эле жалпы кызматкерлерди жана студенттерди бириктирген уюм болуп жашап калды.              2004-жылдын ноябрында ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин кезектеги конференциясында мен төрага болуп шайланып, 2005-жылдын март окуяларынын алдында ОшоблСовПрофтун төрагасы Тайлакбай Мусаевдин жетекчилигинде жыйын өтүп жаткан учурда жаныбыздагы көчө менен Ош шаарынын борбордук аянтына “Акаев кетсин!” деген кыйкырыктар менен өтүп эл чогула баштаган. Ошол күндөгү менин жаш профсоюздук ишмер катары профсоюздар эл менен болуп, бийликтерге тийиштүү талаптарын жеткиргенге үнүбүздү кошолу деген сунушум колдоо тапкан эмес. Анткендин ордуна профсоюздар саясаттан тышкары болушубуз керек, бизге митингдерге аралашуунун кереги жок деген аксакалдарыбыз басымдуу көпчүлүк болгон.          Кийин эмне болду? КыргызСовПроф деле бийлик алмашкан сайын саясаттын очогуна айланып баратты. С.Бозгунбаев кетип, Б.Иманалиевге, К.Осмоновго жарытылуу иш жасаганга мүмкүнчүлүк берилбеди кыязы. Кайсыл бийлик келбесин, азыркы муфтиятты колдон чыгарбаганга жасалган баарыбызга маалым болгон аракеттер сыяктуу эле байлык-мүлкү мол КыргызСовПрофту да бийлик өз таасиринен чыгарбаганга жандалбас уруп келатты.                                                                                Ал кездерде борбордо жайгашкан КыргызСовПрофтогу бири-бирине моюн сунбаган көп баштуу башкаруу жөнүндө түшүнүү кыйын болчу. Ал эми профсоюз жетекчилигиндеги аксакалдар жөнүндө ар кандай кептер айтылып, айрымдарын шоферлору колтуктап араң бастырып 3-4-кабатка чыгарып, эки саат жумушта отурмуш болуп коюп, анан кетип калып жаткандыгына наалышчу. Андан соң ОшоблСофПрофто деле ушундай абал, айрым тармактардын обком профсоюз төрагалары ордунда жоктон “Айткандын оозу жаман...” болуп жаман көрүнгөн учурлар болгондугун көрүп эле жүрбөдүкпү. Кечээ кийинки жылдарга чейин айрым кабинеттерде интернетти мындай кой, компьютер жок, машинкада “чакылдатып” отурган эжелерибиз деле көбүрөөк отуруп койсо белин көтөрө албай калганы алардын “профсоюзга ашыкча сүйүүсүнүн далили” эместир эле дейм? Албетте, профсоюз ичиндеги мындай сөздөр негизинен иштин кызыкчылыгындагы гана принципиалдуу ой-пикирлер экендиги дайыма эске алынышы кажет. Андыктан “Өңдү көрсө жүз таят” болуп жүрө берсек, кайдагы жаңы идеялар, жаңы күчтөр кошулмак бизге, кайдагы жаңыланууну камсыз кылмак элек деген суроо турганы-турган!                                                                                                        Курорттордун, санаторийлердин, профсоюздарга караштуу жерлердин сатылып жаткан учурлары болсо мындай көрүнүштөр профкомитеттерге, баштапкы уюмдарга деле жаккан эмес. Маселе мындай иштердин ал кездердеги “табышмактуу” жабыктыгында болуп келген. Профсоюздардагы ачык ишмердик билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитетин бир топ жылдар ийгиликтүү башкарып келген Асылбек Токтогулов 2012-жылы Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы болуп келгенден башталды десек жаңылышпайбыз. Чөнтөк профсоюз, жеркөз профсоюз болбогула, өзүңөрдүн позицияңар болсун, жумуш берүүчү менен теңата сүйлөшкүлө деп келаткан ошол киши экендигин республикабыздын баардык профсоюз кызматкерлери ырастайт деп ойлойм. Албетте, андыктан өзүнө кирип, кээ бир маселелер боюнча, мисалга “Ош” пансионатынын жерлеринин сатылышы жөнүндө маселени түз койгон учурларыбыз да болууда. Максатыбыз ачык-айкын, кеңешип-кесип иш алып баруу менен профсоюздардын ишин жандандыруу жана коомдогу кадыр-баркын көтөрүү.        Профсоюздар Федерациясында соңку жылдардагы масштабдуу иштерди алып баруу боюнча көз көрүнөө чоң аракеттер көрүлүп жатканы талашсыз чындык. Буга чейин деле Кыргызстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук комитетин жетектеп турган учурунда борбордон баштап жети дубандын эң төмөнкү профсоюздук баштапкы уюмдарына чейинки тынымыз жолугушуулар, көчмө пленумдар, окуу-семинарлар менен конференциялар А.Токтогуловдун катышуусу менен өтүп, бул кишинин буту жетпеген окуу жай, же мектеп калбагандай эле болду го. Чындыгында республиканын түрдүү аймактарында ЖОЖдордо, орто окуу жайларында, же Чоң-Алайдагы, Баткендеги, Аксы, Талас, же Тоң менен Ат-Башыдагы билим берүү тармактарында эмгектенген профсоюз мүчөлөрү Асылбек Токтогуловдун ким экендигин тааныбайт деп айтууга болбойт.                                                                               2011-жылдагы өлкөбүздүн мектептеринде эмгектенген мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатууну талап кылган билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюздарынын Борбордук комитетинин алдында түзүлгөн республикалык забастовочный комитет жер-жерлердеги митингдерди уюштуруп башкаруу менен бийликтерге мыйзамдуу талаптарды коюп аз болсо да максаттарга жеткенин, 2009-жылдан баштап ЖОЖдордогу ж.б. билим берүү мекемелериндеги атайын каражаттарга салынган 20% салыктын мыйзамсыздыгын талашып жүрүп, бул салыктын 2012-жылдын башында алынып салынышында профсоюздардын ролу чоң болгондугун эл унутпайт деп ойлойм. Профсоюздар ОшМУда эмгектенген 50 кызматкерге узак мөөнөт ичинде төлөп кутулуу менен ыңгайлуу шартта жер участокторун сатып алуу боюнча аракеттерибиздин соңунан 2010-2012-ж.ж. аралыгында кызматкерлерибиздин укуктарын коргоо үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасы менен соттошуп Жогорку сотко чейин жетип утуп келгендигибиз айтпай турган иштер бекен? ОшМУнун алдындагы ЖОЖдор аралык 50 койка-орундуу профилакторий иштеп, ага профсоюздар Федерациясы тарабынан тийиштүү каражаттар өз убагында бөлүнүп келүүдө жана жылына 8-10 агымда 400-500 студент саламаттыгын чыңдап алууга мүмкүнчүлүк алып жатат. Мындан сырткары,  жер-жерлерде профсоюздардын ЖОЖдордо жана атайын орто окуу жайларда окуп жаткан студенттердин стипендияларын жогорулатуу боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын июнь айындагы токтомунун кайрадан каралышын талап кылган кайрылууларынын негизинде буюрса, оңдуу натыйжалар күтүлүүдө.   Жакшылары менен катар ырас, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, алдыда аткара турган далай иштер турат. Заманга ылайык профсоюздардагы жаңыланууну талап кылган жагдайлар көп. Анүчүн эң оболу профсоюздар жөнүндөгү примитивдик эски түшүнүктөрдөн арылып, аң-сезимди жаңылоо зарылдыгы турат деп эсептейм. Мунун үстүндө азыркы учурда профсоюздардын баардык тармактарында конкреттүү максат-багыттар аныкталып иштер алынып барууда, буга биздин жогорку органдарыбыздан берилген көрсөтмөлөр жетекчиликке алынууда. Жашырганда не, азырынча мүчөлүк акылардан түзүлгөн профбюджет чакталуу, эс алуучу жайларга путевкалардын жетишсиздиги дайыма маселе болуп келүүдө. Бирок профсоюзга түшкөн акчанын баарын путевкаларга жумшап жиберсек, анда материалдык жардамдарга, маданий-массалык иш-чараларга, спортту колдоого, жалпы ишти өнүктүрүүгө кайдан акча алмакпыз? Андыктан биздин Федерация жана Борбордук комитетибиз тарабынан баштапкы уюмдарды катыштыруу менен эл аралык байланыштарды бекемдөө, окуу-семинарларды уюштуруу, тажрыйбаларды үйрөнүү максатындагы карым-катнаштардын жайылтылып жаткандыгы өз жемишин берээрине ишенсек болот.                                            Мындан ары эмне кылуу керек? Менин жеке пикиримде дагы ким эмне дейт деп отурбай, мыйзамдарыбыз менен Уставыбыз талап кылгандай өзүбүздү-өзүбүз коомчулук алдында ачык жана так ревизиялообуз, инвентаризациялообуз, о.э., программалык саясатыбызды элге такай жеткирип туруубуз керек деп ойлойм. Профсоюздардын эмне байлыгы, канча мүлкү жана кандай потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин, аны башкаруу жана пайдалануу формасын да баары билсин. Андыктан бул үчүн эң башкысы, өз ишмердигибизде коомго ачык болушубуз зарыл!                                                                                                                       Профсоюздар дүйнөлүк глобалдык процесстер доорунда саясаттан сырткарыбыз деп “тымпыйганыбыз”туура эмес болуп жаткан жокпу деген суроону өзүбүзгө коюп көрбөйлүбү? Анткени азыркы кезде коомубуз ашкере саясатташып, саясат менен биз алектенбесек, ал биз менен алектенип жаткандыгын кантип танабыз? Ал бүгүн “эки бутубузду бир кончко тыгып койгон” турмушту баштан кечирүүдөбүз. Коомдун баардык тармактарында профсоюздар эркин сүйлөөгө, эркин ой-пикир билдирүүгө, өз позициябызды бекем коргоого үйрөнүшүбүз керек. Жумуш берүүчүнүн көзүн карабай, аны менен теңата өнөктөш катары иш жүргүзүү негизги милдетибиз болушу кажет эмеспи, буга баш Конституциябыз, башка мыйзамдарыбыз да жол берип турбайбы! Демек, бүгүнкү күндө профсоюздардын кадыр-баркы жогорулашы үчүн анын лидерлери ээлеген орундарына татыктуу, жогорку сабаттуу, ар тараптуу өнүккөн личность болушу – учурдун талабы болуп турганы талашсыз. Профсоюздар бийлик жана жумуш берүүчү менен элдин ортосундагы мыйзамдуу өкүлүбүз. Элдин атынан укугубузду коргогонго, мыйзамдуу талаптарды ойгонго акылуубуз, жакпасак же жаман көрүнсөк деле милдетибизди аткарууга тийишпиз!                                                                                           А эгерде элдин алдына чыга албасак, тийиштүү жерлерге анын үнүн жеткирбесек, ага колдоо көрсөтпөсөк,  заман талабынан артта калсак, минтип дагы ким эмне айтат, каяктан асылат деп бүшүркөп отурганыбыз кантип болсун? Бул менин жеке пикирим болсун дейин. Бирок мен өзүм профсоюзга ишке келгенден эле мисалга, ошол кездеги саясый абалга байланыштуу 2005-жылы борбордук аянтка чыгып эл менен бололу, анын үнүн бийликке жеткирип коелу, элге колдоо көрсөтөлү, бийлик кулагы дүлөй, көзү сокур болбосун дегем, азыр деле ошол позициямдан жазбай келатам деп айта алам.     Профсоюздар 1-май майрамында эле эмес, азыркыдай демократиялык коомду куруу доорунда керек болсо жылдын төрт мезгилинде тең эмгек акыны жогорулатуу, экономикалык реформаларды жүргүзүүнү, социалдык кепилдиктерди жана татыктуу жашоону камсыздоону талап кылуу боюнча ар тараптуу демонстрацияларды өткөрүүнү колго ала турган кез келгенин түшүнүүбүз керек. Мактангандай болбойлу, бирок баарыбызга маалым болгон, өткөн жылдын 7-декабрындагы 20 миңден ашуун, ал эми ушул жылдын 15-январындагы 30-40 миң адам чогулган Ош шаарындагы элдик нааразылык митингдерди эч кандай провакацияларга алдырбастан, баш-аламандыктарга жол бербестен профсоюздар да аралашып башкарып тынч өткөрдү деп эл баалап жатпайбы. А эмне, өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздай албаган бийликти ачык сындасак, конструктивдүү сунуштарыбызды айтып турсак, системдик коррупциядан арылалы десек, ошонубуз менен биргелешкен аракеттерди жасап өнүгүүнүн жолуна түшсөк, саясый абалдын туруктуулугун сактоого салымыбызды кошсок жаманбы? Демек, эмнеге ачыктыктан коркушубуз керек деген суроонун коюлушу мыйзамченемдүү болуп турбайбы!                                                                                                                          

  Андыктан жыйынтыктап айтканда, “Эркин профсоюздар” деп кыйкырган конфедерациячылардын, же дагы башкасынын болбобу, айтор, ары соопчулуктуу, ары түмөн түйшүктүү иштерди аркалап келаткан, учурда Асылбек Токтогулов жетектеп турган Кыргызстан профсоюздарын, же анын кайрадан чыйралып жанданып бараткан иштерин бүлүнтүүгө багытталган далалаты ким тарабынан каржыланып, демөөрдөлүп жатканы деле ачыкталбай койбойт деп ишенебиз.                Албетте, өнүгүү үчүн карама-каршы пикирлердин болгону дурус. Бирок бул ирет азырынча “жаңы профсоюзчул” жигиттерибиз эмнени эңсеп жаткандыктары түшүнүксүз болууда: биригип ынтымакка келип алдыга жылуунубу, же бөлүнүп-жарылып артка кетүүнүбү?

 

Абдижапар Аккулов,

 ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы,

география илимдеринин кандидаты, доцент