Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОшМУда Туу күнү белгиленди

Кыргызстандын мамлекеттик туусу кабыл алынганына 29 жыл. Буга байланыштуу ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Аталган иш-чара окуу жайда студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштар арасында өлкөбүздүн символикаларын урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков эң башкы символикаларыбыздын бири болгон Туу күнү менен куттуктап, ар бир жаран үчүн туу баалуулугун билүү, сезүү милдети экендигин айтып, бардык тармак боюнча өлкөбүздүн туусу бийик желбирей берсин деген тилегин билдирди.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырлар жаңырды.