Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер!

Республиканын бардык билим берүү кызматкерлерин ыйык Рамазан айынын бүтүшү жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктаймын.

Рамазан айы тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн айы болуп саналат. Ала-Тоолуу, ак мөңгүлүү мекенибиз Кыргызстандын бакубаттуулугу, өнүгүшү үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, анын гүлдөп өсүшүнө ар бирибиз бар күчүбүздү жумшайлы. Учурда пандемия өлкөбүзгө оор сыноолорду алып келди, элибизди бир топ түйшөлттү. Биз ушул апаат күндөрүндө ынтымактуулукту, биримдикти, адамдардагы эң бийик, асыл баа жеткис сапаттарынын үлгүсүн көрсөтөлү, билим берүүнүн жакшыртууга, алдыдагы окуу жылын ийгиликтүү аяктоого бар күчүбүздү жумшайлы.

Жакында болуп өткөн Баткендеги чек ара жаңжалы да билим берүү тармагына олуттуу зыяндарды келтирди, мектептер, балдар бакчалары кыйроого учурады, айрым билим берүү кызматкерлеринин жакындары курман болушту. Ушундай оор күндөрдө Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети жана райшаардык комитеттери жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине болгон материалдык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүштү жана мындан ары да ушундай кыйын учурларда алар менен бирге экендигибизди  билдиребиз.

Урматтуу кесиптештер! Кыргызстандын келечеги болгон жаш муундарды тарбиялоого өз салымыбызды кошуп, жаш муундарды кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, өз жерибизге, элибизге жана мекенибизге кызмат кылууга тарбиялоо биздин ыйык милдетибиз! 

Урматтуу кесиптештер! баарыңыздарга жакшылыкты, ырыскылуу жашоо каалайм! Асманыбыз ачык болуп, мекенибизде тынчтык болсун!

Сиздерди урматтоо менен,

Төрага                       А.Токтогулов