Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Орду толгус оор жоготуу...

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. Белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатылган Токтогулов дүйнөдөн кайтты.  

Сатылган Токтогулов 1952-жылы 25-майда Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында туулган. 1973-жылы Ош педагогикалык институтунун (ОшМУ) физика-математика факультетин аяктаган. Студенттик кезинде эле илимий иштер менен алектене баштаган. 1979-80-жылдары Политехникалык институттун Оштогу филиалынын энергетикалык факультетинде улук инженер жана Ош педагогикалык институнда ЭТФ кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1988-1996-жылдары мектеп директору болгон. Ал директор болуп иштеген убакыттын ичинде мектеп окуучулары 29 кумуш, 7 алтын медалга татыган. 1994-1998- жылдары  Кыргыз билим берүү академиясынын сырттан окуу бөлүмүнүн аспирантурасында, п.и.д., профессор Исак Бекбоевдин илимий жетекчилиги астында кандидаттык, андан кийин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1998-2009-жылдары ЖАМУнун инжинердик-экономикалык факультетинде «Электроэнергетика» кафедрасынын башчысы, андан кийин Педагогика кафедрасынын башчысы, факультеттин деканы болуп иштеген. Ал педагогика маселелери боюнча ондон ашуун китептин, монографиянын, жүздөгөн илимий макалалардын автору болгон. 2012-жылы чыккан 7-8-9-класстары үчүн (кыргызча) альтернативдик физика окуу китебин жазган. 10-11-класстар үчүн альтернативдик физика окуу китеби шаардын мектептеринде сыноодон өткөн.

«Башталгыч билим берүүнүн теориялык негиздери», “Педагогиканын теориясы, системасы” дисциплиналары боюнча лекцияларды окуп жүрчү. Кийинки кездерде катуу ооруга чалдыгып, келбес сапарга кете берди. Чыгаан педагог, профессор С.Токтогуловдун элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүккө жашай берет.

ЖАМУнун педагогикалык жамааты С.Т.Токтогуловдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова