Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИнин айымдарына майрамдык сыйлыктар тапшырылды...

8-март Аялдардын эл аралык күнүн утурлай ОГПИнин мырзалар жамааты айымдарды майрамы менен куттуктады.

Майрамдык иш чарага окуу жайдын ардактуу мугалимдери, активдүү студент кыздары жана жетекчилик жамаат катышты.

 

Алгач окуу жайдын ректору Бекмуза Зулуев сөз сүйлөп, айымдарды жаз майрамы менен кызуу куттуктап, ааламдын тиреги, жашоонун жүрөгү болгон аял затына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана аялдык бакыт каалады.

Андан соң институттун проректору Каныбек Раимбеков өз сөзүндө: “Майрамдар көп бирок, арасындагы эң эле барктуусу жана кубана белгилей турчу майрам дал ушул 8-март”- деп баса белгилеп, жагымдуу маанай тартуулоо менен ажарлуу айымдарды кубануу менен куттуктады.

 

Куттуктоо сөзүн улай институтта мыкты окуган студенттерге, ийгиликтүү иш алып барган окутуучу эжекелерге жана кызматкерлерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары Ош шаарындагы ЖОЖдор ортосунда өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште 3-орунду камыз кылган, ОГПИнин аялдар командасы жетекчилик тарабынан 5000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.

 

Белгилүү даталарда окуу жайдын ишин алга сүрөгөн кызматкерлер жана студенттер салттуу түрдө Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.