Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИде илимдин кандидаттары ачык саат өтөт

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, студенттерди мыкты адис кылып даярдоо, жаш окутуучуларга жол көрсөтүү жана ич ара тажырыйба алмашуу максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгектенген илимдин кандидаттары көрсөтмөлүү ачык сааттарды өтүп башташты. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Бул саамалык факультеттерде кезеги менен өткөрүлүп, окуу жай жетекчилигинин, окуу бөлүмү жана сапат бөлүмүнүн катышуусунда жүргүзүлмөкчү. Алгачкы ачык саатты Табият таануу жана география факультетинин экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин кандидаты, профессор Баабеков Анарбай Урайимович өтүп, ага институтун ректору Б.Б.Зулуев, факультеттин жетекчилиги жана жаш окутуучулар катышышты.  Сабак химия предмети боюнча өтүлүп, студенттердин активдүү катышуусу, мыкты ыкмада жаңы технологиянын жардамында сабактын уюштурулушу – кандидат агайдын өз кесибинин устаты, мыкты педагог экенин далилдеди.

Сабактын жыйынтыгында ректор сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды кунт коюп тыңшаткан, өзгөчө чеберчилик менен уюштурулган сабак болгонун жана сабактын жүрүшүндөгү салттуу жана заманбап усулдардын так колдонулушу – студенттерге таасирдүү жана жугумдуу сабак болгонун белгилеп өттү.

Эскерте кетсек учурда ОГПИде элүүгө жакын илимдин кандидаты эмгектенет. Булар факультеттик кезек менен баары өз кесиптери боюнча октябрь, ноябрь айларында сабак өтүшмөкчү.