Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИде АРАЛЫКТАН ӨТКӨН ВИДЕО СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ОГПИде АРАЛЫКТАН ӨТКӨН ВИДЕО СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

     18-май Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун күнүнө жана 95 жылдык мааракесине карата студенттер арасында видео-ролик тартуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

     Сынак “Мен тандаган окуу жай” жана “Айылыбыздын ардактуу мугалими” деген эки теманын алкагында болуп, ага жалпы 27 студент катышты. Иш чара студенттердин медиа-сабаттуулугун өстүрүү, билим алган окуу жайын даңазалоо жана мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу максатында окуу жайдын ректораты жана Мурас телестудиясы тарабынан уюштурулган.

     Катышуучулар жогоруда аталган темалардын бирөөсүн тандап, өздөрүнүн чыгармачылыгы жана мүмкүнчүлүгүнө жараша (телефондо, видео камерада) 3-мүнөттөн 15 мүнөткө чейинки көлөмдө видео-ролик даярдап, аларды уюштуруу тобу Whats app жана Telegram байланыштары аркылуу кабыл алышты. Ар бир видео-ролик окуу жайдын You tube каналына жүктөлүп, жеңүүчүлөр коомчулуктун пикири жана мазмундук түзүлүшү боюнча аныкталды.

     Байгелүү орунду багындырган төмөндөгү студенттер окуу жай тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышмакчы.

     Сыйлыктар ОГПИнин 95 жылдык мааракесине карата өтүүчү салтанатта тапшырылат.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

1-орун

Сейитгазы кызы Мадиана (Бк-18б-4)

Ташкамилова Фарида (Чт-17)

2-орун

Орозбай кызы Гүлзар (От-19)

Куштарбек кызы Элиза (Ан-18к-3)

Кеңешбек кызы Айнуска (Кт-17)

3-орун

Курбанбекова Саадат (Мч-18б)

Нурлан кызы Айэлита (Кт-19)

Ысманалиев Сыймык (Кт-17)

Активдүү катышкан студенттер:

Султанова Тахмина (Бб-16)

Бахапова Бурмагүл (Бк-19к-3)

Якубова Жылдыз (Бб-18)

Имарали кызы Азада (От-19)

Абдирашит кызы Айдана (Мч-19б)

Акулева Канзада (Бк-18к-3)

 \