Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИде АК КАЛПАК күнү белгиленди

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 5-март ак калпак күнүнө карата улуттук каада-салтты улай салтанат болуп өттү. Иш чара институттун Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп,  ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Мында алгач ректор куттуктоо сүйлөп, “улутубуздун тарыхын, наркын чагылдырган улуттук кийимдерибизди ар дайым аздектеп, аны кийүү менен сыймыктаналы, Ала-Тоодой бийик болгон ак калпагыбыз мырзалабыздын башында ар дайым бийиктиктин символу болуп жүрө берсин” деп билдирди.

Салтанаттын экинчи бөлүгү Ак калпагыбызды даңазалоо максатында Ош шаардык мэриясы менен биргеликте жө жүрүш менен коштолду.