Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИ – ЯПОНИЯ БАЙЛАНЫШЫ – ЖАШТАРГА ЖАРКЫН ЖОЛ АЧУУДА.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында түзүлгөн “Японияга жумушка орноштуруу” борбору учурда бир топ алгылыктуу кадамдарды таштап, эл аралык аренада жаштар үчүн мыкты долбоорлорду  жүзөөгө ашырууда. Мунун алкагында 20-октябрь күнү институтта тиешелүү тараптар менен жолугушуу болуп, ага ректор Бекмурза Зулуев,  Япониянын “ЮМЕХАЩИ” компаниясынын өкүлдөрү ТЕЦУЯ АСАНО мырза жана Кунгуров Дастан мырза, ошондой эле аталган борбордун директору Жийдегүл Мамашева катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Б.Зулуев “Японияга жумушка орноштуруу” борборунун аткарып жаткан жигердүү ишин баалап, борборго окуу жай тарабынан максималдуу колдоо болоорун белгилеп, Япония өлкөсү менен болуп жаткан алаканын жакшырышына себепчи болуп келип отурган конокторго жамааттын атынан ыраазычылык билдирип өттү. Мындан тышкары  Япония менен ОГПИнин ортосундагы байланышты бекемдөө, “Аймак таануу” жана “Социалдык иш ” багыттары боюнча билим алып жаткан студенттерди 2021-жылы Японияга практикага, окууга жиберүү, окууну аяктаган соң Японияга жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле 2020-жылга коюлган иш пландар COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылгандыгы тууралуу чечим кабыл алынып, мындан ары да Япония менен Кыргызстандын жаштарын Японияга жиберүү иштерине күчөтүлөөрү билдирилди. Белгилей кетсек ТЕЦУЯ АСАНО мырза мындан ары ОГПИдеги жана Оштогу япон тилин окуган студенттердин тил үйрөнүү деңгээлин жогорулатууга өз салымын кошоорун билдирип, япон тилинен мугалим болоору маалым болду.