Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нургазы Кемельбаев менен Асылбек Токтогулов КУУнун ардактуу профессору болушту

Бул тууралуу 2019-жылдын 23-декабрь күнү болуп өткөн Окумуштуулар кеңешинин отурумунда белгилүү болду. Жыйындын катчысы Гүлзыйнат Аркабаева Окумуштуулар кеңешинин тиешелүү чечимин окуп берген соң, КУУнун ректору Канат Садыков Нургазы Кемельбаев менен Асылбек Токтогулов тууралуу кыскача маалымат берип, аларга "КУУнун ардактуу профессору" наамынын атрибуттары болгон аттестатты, академиялык мантияны жана конфедератканы тапшырды.

Ардактуу наам ээлерин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, КУУнун профкомунун төрагасы Кубанычбек Жумабеков,  УИАнын корреспондент мүчөсү Мустафа Кидибаев, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев куттукташып, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери концерттик программа тартуулашты.

 

 

 

 

Материалды даярдаган:

Кубанычбек Жумабеков