Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу процесси гибриддик  формада жүргүзүлгөндүктөн, 24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлык акциянын алкагында көпчүлүк иш чаралар онлайн форматта уюштурулуп жатат.

Бүгүн 11-март күнү ЖАМУнун медициналык пунктунун кызматкерлеринин уюштуруусу менен, “Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн” жыйындар залында “Кургак учукту жеңебиз!” деген  аталышта онлайн иш чара болду. Ага ЖАМУнун  мамлекеттик тил жана социалдык маселелер боюнча проректору Доронова Айгүл Дадажановна, профсоюздук комитетинин төрайымы Маткаримова Минавар Шарабидиновна, Жалал-Абад шаардыккургак учукка каршы диспансеринин  башкы дарыгери  Ормоков Акылбек Жакшыбаевич, Кызыл Ай коомунун кызматкери Шахзада Раманкулова, ЖАМУнун  “Ден соолук” борборунун адиси Төрөбекова Шайлоокан Абдирашовна, студенттер жанапрофессор-окутуучулар катышышты.

Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы диспансеринин  башкы дарыгери  Ормоков Акылбек Жакшыбаевич  кургак учук , андан коргонуунун жолдору боюнча маалыматтар менен баяндама жасап, дүйнөлүк  жана жергиликтүү статистикалык салыштырууларды мисал келтирип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.Туура дарылануу менен кургак учуктан толук айыгуунун мүмкүнчүлүктөрү   жөнүндө сунуштарын айтты.

 

Даярдаган:  ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова