Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Норус мектептин ачылышы

Билим күнүндө Норус айылында окуучулар үчүн өз эшигин жаңы мектеп имараты ачып, ишке берилди. Шайкул Рахманов атындагы 100 орундуу чакан мектептин курулушу 2017-жылы башталган эле. Буга чейин Норус, Ичке-Суу айылдарынын балдары эски дүкөндүн имаратында окуп келишкен болсо, бүгүндөн баштап жаңы мектепте билим алышат. Салтанаттуу аземге КР Вице-премьер министри Алтынай Сейтбековна жана ЖК депутаты Иса Шейшенкуловичтер келип куттуктоо сөзүн айтып, белектерин тапшырышты. Айыл аксакалдары Шайкул агайдын аты мектепке туура коюлганын белгилешип, мектеп курууга салымын кошкон инсандарга ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти!

 

Материалды даярдаган:

Тыныбекова Бактыгуль