Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу жогорку, атайын кесиптик билим берген окуу жайларынын, жалпы билим берүүчү мектептердин, балдар бакчаларынын, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, илимий-изилдөө тармагынын кызматкерлери!

Күн менен түн теңелген, байчечекей жайнап чыккан жаз айындагы жаркыраган жаркын Нооруз майрамыңыздарга карата менин ак ниетимден чыккан куттуктоолорумду жана бекем ден соолук, иштеги ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакты-таалайды тилеген каалоолорумду кабыл алып коюңуздар!

Биздин байыркы ата-бабаларыбыз бул күндү эски жыл аяктады, жаңы жыл келди деп айтышкан. Нооруз күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда ак элечек байбичелер арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-жанды “Алас! Алас!” деп аласташкан. Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү.  Кыргыздар жаңы жылда эл-журт аман, мал-жан түгөл, журт арасы тынч, кырсыктан тышкары, эгин берекелүү болушун тилеп, Кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынышкан. Биздин ата-бабалар Ноорузда арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда эркек-аял дебей жаңы кийимдерин кийишкен, бири-бирине жакшы тилектерди  айтышкан, жаш-карынын баары чогулуп,  улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Нооруз майрамы азыркы учурда жаңы башаттардын, жаңы тилектердин, жаңы идеялардын башталышы катары замандын агымына жараша айрыкча шарттарда белгиленүүдө. Бул жагымдуу күндөрдө Ала-Тоо жергебизде алма менен өрүк гүл ачып,  бак-дарактар  бүчүр байлап, баба дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, талаалар жашыл түскө оронуп, жаратылыш жаңыланып, адамдар алга карай жакшы үмүттөр менен карашат. Көп улуттуу элибиздин ар бир жаранынын жүрөгүндө Ата Мекенге болгон сүйүү артып, жашоосун жакшылык ыроолоп, бир үй-бүлөдөй  биримдик менен бир туугандык орносун деген аруу тилебиз ишке ашсын. Ушул берекенин, кенендиктин, бейпилдиктин ыйык күнү болгон Нооруз майрамы  ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут, ишиңиздерде ийгиликтерди,  үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди ата-бабаларыбыздан мураска калган улуу – Нооруз майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм.

Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар шат болсун! Жараткан жалпыбызды колдосун!

 

Борбордук Комитетинин төрагасы 

Асылбек Токтогулов