Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз майрамыңыздар менен! С праздником Нооруз!

Урматтуу билим берүү жана илим кызматкерлери!

Сиздерди жаздын, жаңылануунун жана кайра жаралуунун Улуу майрамы- Нооруз менен чын дилден куттуктаймын!

Кыргыз Республикасында 21-март элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти 1991-жылдын 1-февралында кол койгон. Бул биздин эгемен өлкөнүн тарыхында кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын кайра жаралуусундагы көрүнүктүү окуя болуп калды. Кыргызстандыктар Ноорузду мына быйыл 30чу жолу салтанаттуу түрдө майрамдап жатабыз.

Элибизде Нооруз деген сөздү перс тилинен которгондо «нав» — жаңы жана «руз» — күн деген эки түшүнүктөн алып жүрүшөт, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган — күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирээрин айтышат. Эң оболу анын жер шарында климаттык циклдин (жаз, жай, күз, кыш) ар жылы алмашуусу менен байланышканы талашсыз, тагыраак айтсак жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили – жаз менен байланышкан. Байыркы ата-бабаларыбыз жер планетабыздын жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишин кабарлаган жашыл чөптөрдүн пайда болушун толкундоо жана урматтоо менен күтүшкөн.

Кыргыздар Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы теңелген күнү белгилешкен. Бул жаңы жыл майрамы үчүн адатта күн мурунтан даярданышып, бири-бирине бакыт-таалай, ырыс, тынччылык менен жыргалчылыкты каалашып, элдешишип, таарынычтарды кечиришип, жана күнөөлөрдөн тазалануу, өмүр менен кош айтышкан тууган жана жакын адамдарды эскерүү менен бирге өзгөчө маанайда салтанаттуулукта өткөрүшкөн. Жаңы жылдык таттуу тамак катары таанылган – сүмөлөк жана улуттук тамак – чоң көжө майрамда милдеттүү түрдө жасалган. Жаңы жылдын келиши менен табакка салынган кургак арчанын талын чатырата күйгүзүп, аңкыган анын жыты менен боз үйдүн ичин аласташкан.

Быйыл да баарыбыз Нооруз майрамын жаркын маанай менен тосуп олтурабыз. Баарыңыздарга узун өмүр, ачык көңүл, иштеги ийгиликтерди, жамааттардагы ынтымакты, мамлекетибизден татыктуу эмгек акыны жана мыйзамдуу колдоолорду көрсөтүшүн каалайм!

Төрага                            Асылбек ТОКТОГУЛОВ

Уважаемые коллеги!

Примите самые теплые поздравления с праздником Нооруз - праздником весны, возрождения, мира и дружбы!

Праздновать  Нооруз– древнейшая традиция, но этот день отмечает не только наступление Нового года по мусульманскому летоисчислению, он является символом весны, жизни, обновления.

Пусть вступающая в свои права весна будет отражаться не только в природных явлениях, но и в наших душах и в наших сердцах. Как природа весной обновляется и распускается своей неповторимой красотой, так и мы должны последовать ее примеру и похорошеть, помолодеть.

Говорят, что один день весны равен году. Поэтому давайте мы все, засучив рукава, будем трудиться во благо Кыргызстана. Еще раз с праздником Нооруз, праздником, который приносит новые мечты и надежды. Пусть Всевышний ниспошлет кыргызской земле мира и спокойствия, благоденствия и изобилия. Пусть брошенное зерно принесет хороший урожай, дети наши растут, а народ процветает.

В этот прекрасный праздник я желаю  вам счастья, здоровья, радости, благополучия и процветания! Пусть Ваши дома не покидают добро и любовь, изобилие и достаток!

Пусть сбудутся все ваши мечты, осуществится задуманное! Счастья вам, доброго здоровья, радостных и светлых будней, больших трудовых успехов и свершений! Пусть и дальше будет развиваться и процветать наш Кыргызстан!

Всех с праздником!!!

 

Председатель                        Асылбек Токтогулов