Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз майрамына карата "Кыз жигит-САРМЕРДЕН" таймашы

И.Арабаев атындагы КМУнун бардык курамдык бөлүктөрүндө Нооруз майрамына карата иш чаралар өткөрүлүүдө. Гуманитардык билимдер факультетинде салык кафедрасына караштуу жигиттер командасы орус тили кафедрасынын кыздары менен улуттук "сармерден" маданий сынагында мелдешти. Бул эки команданын болочок кесиптери исскуство, музыка, маданиятка түздөн түз тиешеси жок болсо дагы комуз ойноп, Манас айтып, кыргыз бийин бийлеп көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толушту. Эли ичи -өнөр кенчи деп бекеринен айтылбаса керек. Бир упай айырмачылык менен кыздар жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышкандарга грамоталар тапшырылды. Иш чараны жогорку деңгеелде даярдаган чет тилдер кафедрасынын профбюро төрайымы Нурия Сманалиевнага ыраазычылык грамотасы тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Эрмек Бектуров