Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Нооруз» майрамына арналган ретро ыр сынагы

Бүтүндөй түрк элдери даңазалап, даңктап келген Улустун улуу күнү «Нооруз» майрамынын урматына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайында майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде белгиленди. Салт болуп калгандай түнү менен сүмөлөк кайнатылып ректор Төлөбек Абдырахманов, университеттин кадырлуу аксакалы Топчубек Тургуналиев жана профсоюздук-окутуучулар жамааты майрамдык салтанаттын шаңын баштап беришти. Элибиздин нарктуулугун, маданиятка бай байыркы эл экендигин даңктаган ордо, күрөш, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар окуу жайдын алдындагы аянтта ойнотулуп, жеңүүчүлөргө аламан байгелер ыйгарылды. Бир ай мурун жарыяланган факультеттер аралык «Ретро ырлар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүн ошол сынак концерттик программа менен коштолуп, ар бир факультет 70-80-90-жылдарда атагы жаш жарган чыгармалардан аткарып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Концерттик программа Умай эненин «Аластоо» ырымы, «Манас» айтуу жана комуз күүсү чертилип башталды. Окуу жайдын башчысы Төлөбек Абдырахманов эмгек жамаатты жаңы жылы менен куттуктаса, Манастаануу институтунун директору Топчубек Тургуналиев кыргыз элине ак батасын берди. Майрамдын шаңын утурлай университеттин 4 кызматкери КМУнун атайын сыйлыгы менен сыйланды. Сынакка бардык түзүмдөрдөн жалпы 16 катышуучу катышып, алардын өнөрүнө баа берүү үчүн калыстар тобунда КРнын Эмгек сиңирген артисти А.Саралаев, опера ырчысы Ү.Тилегенова, Профсоюз комитетинин башчысы Э.Бектуров, Педагогика кафедрасынын башчысы А.Калдыбаева, Магистратура бөлүмүнүн башчысы М.Амердинова болушту. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен:

  1. 3-орунга Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин окутуучусу Тариэль Токмергенов жана Гуманитардык факультетинин эмгек жамааты татыктуу деп табылса;
  2. 2-орунга Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин кызматкерлери менен ректораттан чыккан Досаалы Иманбердиев ээ болушту. Ал эми,
  3. 1-орунду Биология жана химия факультетинин деканы Маматкан Чоров ээлесе, аламан байгени Манастаануу институтунун ага окутуучусу Ширин Турусбекова жеңип алды.

Иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөн жалпы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз!

 

Материалды даярдаган:

Эрмек Бектуров