Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог: Алымкулов Келдибай Алымкулович

Кыргыз Республикасынын билим берүүсү, илими оор жоготууга учурады Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, ОшМУнун МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, ОшМУнун алдындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Алымкулов Келдибай Алымкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Алымкулов Келдибай 1943-жылдын 11-январында Ош облусунун, Ноокат районунун, Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт-Шорон кыштагында туулган. 1964-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн. Кыргыз илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Я.В.Быковдун сунушу менен Академиянын кичи илимий кызматкери катары ишке алынган.

1965-жылы Украинада Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1969-1971-жылдары Ноокат районунун Көк-Жар орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген. 1966-1969-жылдары Кыргыз илимдер Академиясынын аспирантурасында окуган. 1971-1999-жылдары Кыргыз илимдер Академиясында улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы болуп эмгектенген. 1973-жылы Фрунзе шаарында академик М. Иманалиевдин жетекчилиги алдында кандидаттык диссертациясын коргогон.

1991-жылы Россия илимдер Академиясынын академиги Д.В.Аносовдун жетекчилиги алдында Москва шаарындагы СССР илимдер Академиясынын Стеклов атындагы математика институнда доктордук диссертациясын коргогон. 

  • 1999-2001-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинин математикалык анализ кафедрасынын профессору; 2001-2007-жылдары ОшМУнун жалпы информатика кафедрасынын башчысы;
  • 2007-2009-жылдары ОшМУнун фундаменталдык изилдөөлөр институтунун директору;
  • 2007-жылдан тартып ОшМУнун МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору;
  • 2012-жылдан тартып ОшМУнун алдындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр институтунун директору кызматтарын аркалап келген.
  • 2010-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

2011-жылдын 9-ноябрында “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМИНЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР” деген ардактуу наамы ыйгарылган. 2011-жылдан тартып Американын “Математика жана статистика” журналынын редакциялык кеңешине мучөсү, Америка жана Европа математиктер коомунун мүчөсү, Кыргызстан математиктер коомунун вице президенти. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы тарабынан уюштурулган билим берүү жана илим жаатындагы конкурста “Хан-Теңири” сыйлыгынын лауреаты болгон. 2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу Академик наамы ыйгарылган.

Ал 150дөн ашуун илимий макалалар жана бир монографиянын автору. Анын жетекчилигинин алдында 9 илимдин кандидаты жана 2 илимдин доктору даярдалган. Келдибай Алымкулович Болгария (Варна), Венгрия (Будапешт), Польша (Варшава), Таиланд (Бангкок), Греция (Самос-Пифагор аралы), Швеция (Стокгольм), Россия (Москва, Новосибирск, Нальчик, ж.б.), Украина (Киев, Черновцы, Тернополь), Казахстан (Алма-Ата), Өзбекстан (Ташкент, Самарканд), Азербайжанда (Баку) болгон илимий конференцияларга катышып, илимий докладдар жасап келген.

Алымкулов Келдибай Алымкулович кадимки дифференциалдык тедемелердеги сингулярдуу козголгон тедемелер теориясына бараандуу салымдарын кошкон, ал тарабынан “Униформдаштыруу”, “Структуралык жалгаштыруу” жана “Мезгилдуу чечимдердин локалдык эмес бифуркациясы” аналитикалык методдорду кийирген.

Келдибай Алымкуловичтин ОшМУга, Кыргызстанга илимий кадраларды даярдоодо салымы жогору. 2008-жылы ОшМУнун алдында 01.01.02 – дифференциалдык теңдемелер жана 01.01.04 – геометрия жана топология адистиктери боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациялык кеңешин ачып, 2015-жылга чейин жетектеп келген. 2015-жылдан бери Бишкек шаарындагы КР УИАнын математика институтуна жана Ж.Баласагын атындагы КУУга караштуу диссертациялык кеңешинде мүчө болуп келген.

Алымкулов Келдибай агай 2022-жылдын 8-апрелинде мезгилсиз дүйнө салды. Профессор Келдибай Алымкуловдун калтырып кеткен илимий мурасы, кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгекчилдиги, адамга жасаган калыс жана адамкерчиликтүү мамилеси кыргыз элинин эсинде жана агайдын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

 

ОшМУнун ректораты, Кесиптик бирлик комитети, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер